Зеленский социалдык медиадагы билдирүүсүндө Россиянын түн ичинде Украинанын ар кайсы аймактарына кол салганын билдирди.
Ал Днепр облусундагы Каменскоеде жарандык ишкананын бутага алынганын белгилеп, кол салууда 4 адам каза болуп, 5 адам жаракат алганын жарыялады.
Зеленский орус чабуулдарында Херсон, Борисполь жана Харьков аймактарында көптөгөн турак жай имараттары жабыркаганын жана Сумы менен Николаевдеги соода борборлоруна дрондор сокку урганын билдирди.
Зеленский Россиянын түн ичинде Киев жана Борисполь аэропортторуна кол салганын, бул чабуулдар "узак убакыттан бери биринчи жолу атайылап" жасалганын билдирди.
АКШ дипломатиясына каршы Россия‑Иран Шахеддери
Зеленский бул чабуулдар Украинага келе турган АКШ өкүлдөрүнүн Киев же Борисполь аэропортторуна конуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу уюштурулганын айтып: "Америка дипломатиясына каршы орус-ирандык "Шахеддер" (Иранда жасалган учкучсуз учактар)" деп баа берди.
Россиянын бул кадамын эске алгандарын айткан Зеленский: "Кийинки жумада дрондор жана ракеталардын асманда болушунан улам коркунучтуу абалга келген Россиянын аба мейкиндигиндеги операцияларыбызды ушуга жараша кайрадан ылайыкташтырабыз",- деди.
Зеленский Украинадан дипломатияга эч кандай коркунуч жок экенин жана андай коркунуч болбой турганын баса белгилеп: "Украина тынчтыкты жакындатуу менен алектенүүдө. Россия кылгандарынан жооптуу болот",- деди.





















