Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен Канаданын ортосундагы соода көлөмүн азыркы 3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга, андан кийин 10 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылгандарын билдирди.
Эрдоган Канаданын премьер-министри Марк Карни менен жекеме-жеке жолугушуп, делегациялардын кеңейтилген жыйынын өткөрүп жана эки өлкөнүн ортосунда үч келишимге кол коюлгандан кийин Президенттик сарайда өткөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарлардын үзгүлтүксүз болушунан үмүттүү экендигин билдирген Эрдоган Карни менен бүгүнкү жолугушууларда эки тараптуу мамилелерди кеңири талкуулап, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашканын айтты.
Бүгүн бул багытта таштала турган конкреттүү кадамдарды камтыган иш-аракеттер планын да кабыл алдык. Биринчиден, соода жана инвестиция көлөмүн көбөйтүү максатында жыл аягына чейин эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чечим чыгардык.
Муну менен бирге экономикалык карым- катнаштарыбызды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн Биргелешкен экономикалык жана соода комитети сыяктуу учурдагы механизмдерди натыйжалуу пайдаланабыз. Комитеттин кийинки жыйынын 2027-жылы жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрөбүз.
Бул кадамдар менен учурда 3 миллиард доллардын тегерегиндеги эки тараптуу соода көлөмүн адегенде 5 миллиард долларга, андан соң 10 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз», — деди Эрдоган.
Эрдоган Канаданын коргонуу өнөр жайы жана ядролук энергетика тармактарында маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, эки өлкөнүн коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыгынын маанисине токтолду.
Канаданын премьер-министри Марк Карни менен Газа, Украина жана Перс булуңундагы кырдаал сыяктуу бир катар аймактык маселелерди талкуулаганын айтты.
«Дипломатиялык ыкмалар Украинада да, Перс булуңунда да узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачат деген үмүттөбүз. Бул маселе боюнча жалпы көз карашка ээ экенибизди тастыктадык.
Газада Канаданын башка өнөктөштөр менен биргеликте Израилдин мыйзамсыз конуштарына каршы санкцияларды киргизишин Израиль өкмөтүнүн мыйзам бузууларын токтотууга багытталган туура кадам катары баа беребиз. Аймагыбызда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн Канада бул багыттагы позициясын улантат деген үмүттөбүз», — деп кошумчалады президент.
«Премьер-министр Карни менен карым-катнаштарыбыздын келечеги үчүн тарыхый кадам таштадык»
Эрдоган буларды айтты: «Түркия менен Канаданын ортосунда көптөн бери уланып келе жаткан ажырымды чындап жойдук. Эми эки өлкөнүн ортосунда жаңы мезгилди баштап жатабыз. Кудай буюрса, ишкерлерибизди бириктиребиз. Канадага ишкерлер делегациясы менен жасай турган алгачкы сапарымда эки өлкөнүн ишкерлерин жакындаштырууга багытталган кадамдарды жасайбыз».






















