Ирандын Төңкөрүш гвардиясынын деңиз күчтөрү Перс булуңунун түндүк бөлүгүндө мунайды бир кемеден экинчисине өткөрүп жаткан төрт кемеге бир убакта сокку урулганын жана алардын азыр да күйүп жатканын билдирди.
Төңкөрүш гвардиясынын билдирүүсүндө «уруксат берилбеген» каттамдар менен баратканы айтылган төрт кеме мунай өткөрүп жаткан учурда аныкталып, бир убакта соккуга кабылганы белгиленди.
Ошондой эле, кечээ түнү Ормуз кысыгынын батышында үч кеме деңиз минасына урунуп, өрт чыккан кемелердин токтотулганы айтылды.
АКШны кемелерди мина коюлган өтмөк аркылуу өтүүгө үндөп жатат деп айыптаган Төңкөрүш гвардиясынын деңиз күчтөрү бул жагдай деңиз кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип жатканын билдирди.
Билдирүүдө АКШ бул аракетин уланта берсе, жооп кайтаруу чаралары аймактагы америкалык аскердик базаларды да камтый турганы айтылып, Вашингтонго эскертүү берилди.





















