Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) террордук уюм ДЕАШка каршы операциясында, уюмдун Түркия провинциясынын курулушунда иштеп, сары бюллетень менен издөөдө жүргөн, каймана аты "Абдусселам Түркү" болгон Талип Гүлер кармалып, Түркияга алып келинди.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка ылайык, ДЕАШ террордук уюмунун "Фарук кеңсеси" деп аталган Түркия провинциясынын түзүмүнө каршы операция жүргүздү.
Чалгындоо иштеринин натыйжасында, каймана аты "Абдүсселам Түрки" болгон Талип Гүлер 2021-жылга чейин "Түркия провинциясынын башчысы" жана "Фарук кеңсесинин" каржы башчысы болуп иштеген жана 2021-жылы Түркияга алынып келинген Касым Гүлердин бир тууганы экени аныкталды.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында сары бюллетен менен издөөдө жүргөн Талип Гүлер 2014-жылдын январында Сирияга мыйзамсыз өткөнү белгилүү болду. Гүлердин Сирияда аткарган иштерин башта агасы Касым Гүлер болгон уюмдун жооптуулары менен байланышта жүргүзгөнү аныкталды.
ДЕАШ террордук уюмунун "Түркия провинциясы үчүн жооптуусу" болгон Касым Гүлер кармалгандан кийин, Улуттук Чалгындоо Уюму (MIT) бир тууганы Талип Гүлерди табуу аракеттерин күчөттү.
Түркияга алып келинген Талип Гүлер уюмдун атынан жүргүзгөн ишмердүүлүгүн мойнуна алды.
Гүлер өз билдирүүсүндө Түркиядагы радикалдашуу процессин, Сирияга мыйзамсыз өткөнүн, ДЕАШка кошулганын жана буга чейин каржы жактан жооптуу болгон агасы Касым Гүлер менен уюмдун ичинде жүргүзгөн иш-аракеттерин кенен түрдү айтып берди.
MITтин бул аракеттеринин натыйжасында, ДЕАШтын Түркияга каршы пландаштырылган чабуулдарын алдын алуу, уюмдун жаңы адамдарды тартуу аракеттерин ачыкка чыгаруу жана иш-аракет планын колго алуу боюнча операциялар чечкиндүүлүк менен уланып жатканы кабарланды.


















