ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Түркиянын кожоюндугунда өткөн НАТОнун 36-мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинен кийин лидерлер президенььтк комплексте жолугушту.
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Албаниянын премьер-министри Эди Раманы 2026-жылдын 9-июлунда Түркиянын Анкара шаарындагы Президенттик комплексинде кабыл алды.

Түркия Республикасынын Президенттигинин коммуникация башкармалыгы түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу бейшемби күнү болгон жолугушуунун президенттик комплексте өткөрүлгөнүн билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдө Түркия-Албания эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.

Жолугушууда Эрдоган Түркиянын Албания менен болгон карым  - катнаштарын мындан ары да  илгерилетүү үчүн аракет кылып жатканын, өзгөчө коргоо өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү каалай турганын билдирди.

Мындан сырткары, Эрдоган Анкарада өткөн НАТО саммитинде альянстын тилектештигинин бекемдиги "чечкиндүү түрдө ортого коюлганын" баса белгилеп, Раманы ушул жылдын ноябрь айында Анталияда өтүүчү COP31 Лидерлер саммитине чакырды.

Жолугушууга Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, АК Партиянын төрагасынын орун басары жана басма сөз катчысы Өмер Челик, Улуттук чалгындоо уюмунун (МИТ) жетекчиси Ибрахим Калын, Коммуникация башкармалыгынын жетекчиси Бурханеттин Дуран жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч катышты.

Анкарадагы бул жыйын 2004-жылы Стамбулда өткөн саммиттен кийин Түркия кожоюндук кылган экинчи НАТО саммити болду.

Бул иш-чара Түркия менен өнөктөш жана союздаш өлкөлөрдүн ортосунда саясий, коопсуздук жана экономикалык кызматташтык маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө да ыңгайлуу платформа болду.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди