ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдик министр: "Газага комплекстүү чабуул жасалышы мүмкүн"
Коргоо министри Исраэль Кац Газа тилкесиндеги "ишти бүтүрүүгө" жана палестиналыктарды кууп чыгуу планын ишке ашырууга даяр экендиктерин айтып, комплекстүү чабуулдарды кыйытты.
Израилдик министр: "Газага комплекстүү чабуул жасалышы мүмкүн"
Исраэль Кац Газа тилкесинде "ишти бүтүрүүгө" жана палестиналыктарды сүргүнгө айдоо планын ишке ашырууга даяр экендиктерин айтты

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа тилкесине комплекстүү чабуулдарды кайра баштоо жана аймактан болжол менен 2 миллион палестиналыкты сүргүнгө айдоо планын ишке ашыруу "жакындап калганын" айтты.

Ок атышууну токтотууга карабастан, коргоо министри Кац Газа тилкесине кайрадан "комплекстүү чабуул" жасап, "палестиналыктарды кууп чыгабыз" деп коркутту.

"Баарыбыз мунун (ХАМАСтын өз ыктыяры менен куралын таштоосу) болбой турганын билебиз" деген Кац Израиль армиясы Газа тилкесине комплекстүү чабуул жасоо буйругу берилгенден кийин "ишти бүтүрүүгө" жана ушундайча палестиналыктарды сүргүнгө айдоо планын ишке ашырууга даяр экенин кошумчалады.

Кац ошондой эле 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинин калкы 70 пайызга азайганын ырастады.

Ушул айдын башында Исраэль Кац Израиль палестиналыктарды Газадан деңиз жана кургактык аркылуу кууп чыгууга даяр экенин, бирок АКШнын эки миллион адамдын кайда бараарын чечишин күтүп жатканын билдирген.

АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби болсо "адамдарды алардын эркине каршы Газадан күч менен чыгаруу" планын четке каккан.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы билдирүүсүнө ылайык, 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан 73 000ден ашуун палестиналык каза болуп, 174 000ден ашууну жаракат алды.

10-октябрда Газада ок атышууну токтотуу күчүнө киргенине карабастан Израиль армиясы аймакка күн сайын чабуул коюуну улантууда.

Иликте
WP: "Трамп администрациясы Израилге 2,8 миллиард доллардык 40 миң бомба сатуу үчүн даярданууда"
Газада Израилдин кол салуусунан жабыркаган имарат кулап  9 киши каза болду
Израиль армиясы палестиналык баланы бомбалап  өлтүрдү
Сомалиде Түркияга колдоо көрсөтүү акциялары өттү
Сириянын президенти санкциялар жоюлгандан кийин Сириянын "кайра жаралганын" айтты
Түндүк Кореянын лидери Ким Путинге жолдогон катында Россияга "бекем колдоо" убадасын берди
Азербайжандын президенти Алиев тышкы иштер министри Фидан менен жолугушту
Сомалиде Түркиянын колдоосуна ыраазычылык билдирүү иретинде митинг өттү
БУУ: "Малиде 731 миңден ашык качкын, башпаанек издеген жана жер которгон адамдар бар"
НАТОнун согуштук учактары Литванын аба мейкиндигине кирген дронду атып түшүрдү
Зеленский: "Россия чындыгында кааласа Украина чыңалууну азайтууга даяр"
Украина: "Орус армиясы бүгүн кечинде 200 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен абадан сокку урду"
Иран согуш жана ок атышуудан кийинки мезгилде коргонууга даярдануу үчүн буйрук берди
Эрдоган: «Биз элибизди коркунучтардан алыс кармадык»"
Сербиянын президенти Вучич кызматтан кетерин жарыялады