АКШ Президенти Дональд Трамп тараптар энергетикалык объектилерге карата чабуулдарды токтотуу боюнча макулдашканын жарыялагандан кийин, Украинанын президенти Владимир Зеленский каршы тарап да ушундай эле кадамга бара турган болсо, Россия менен болгон согуштагы чыңалууну басаңдатууга даяр экендерин билдирди.
Зеленский дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө: "Россиянын согуш экономикасына карата так жоопторубуздан улам орустардын кысымга кабылып жатканын көрүп жатабыз", - деп кошумчалады жана "азырынча Россияда согушту токтотуу боюнча каалоонун азырынча байкалбай жатканын айтып: «Бирок америкалык өнөктөштөрүбүз Россиянын адам өмүрүн кыйып жаткан бул согушту токтотууга чын ыкластан жана узак мөөнөткө даяр экенине кепилдик бере алышса, Украина да чыңалууну басаңдатууга багытталган кадамдарын таштайт»,- деди.
Эл аралык мунай бааларынын кайра өсүшүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын дем алыш күндөрү Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдарын сындап, чабуулдардын дизелдик отун тартыштыгын жаратып жатканын билдирди.
Трамп дүйшөмбү күнү социалдык тармактагы билдирүүсүндө Украина менен Россиянын энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча макулдашканын жарыялады.
Россия бул боюнча комментарий бере элек. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан маанилүү инфраструктурага өз ара чабуулдарды токтотуу боюнча сунуш түшкөнүн айтып, Россия Украинанын инфраструктурасына сокку урууну токтотсо, Киев да чыңалууну басаңдатууга даяр экенин билдирди.
Темир жол чабуулдары күчөп баратат
Трамп Россия-Украина согушу ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоодо добуш бере турган америкалыктар үчүн күйүүчү майдын баасын жогорулатып жатканын бир нече жолу белгиледи.
Трамптын ок атышууну токтотуу боюнча буга чейинки аракеттери жетинчи айга созулган АКШ-Израиль-Иран жаңжалынын фонунда жыйынтык берген эмес. АКШ өкүлдөрү ушул айдын башында Москва менен Киевге барышканы менен, сүйлөшүүлөрдө жылыш болгон жок.
Украинанын Россиянын ички аймактарындагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку уруусуна байланыштуу Зеленский Россиянын күчөп жаткан чабуулдарынан коргонуу үчүн союздаштарын кошумча абадан коргонуу системаларын берүүгө чакырды.




















