Йемендин ички иштер министри Ибрахим Хайдан Иран менен Ливандагы Хезболла хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарда иштеген 21 аскердик адис аркылуу өкмөттүк күчтөргө каршы операцияларды башкарып жатканын билдирди.
Йемендин Ички иштер министрлиги тараткан жазуу жүзүндөгү билдирүүгө ылайык, Хайдан хуситтердин көзөмөлүндөгү борбор шаар Сана, ошондой эле Худейда, Сада, Хажжа жана Амран шаарларында ирандык жана Хизбулланын өкүлдөрү болгон аскердик адистер «Йемендин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын» айтты.
Анын белгилешинче, хуситтердин аскердик аракеттерин башкаруу үчүн Ирандын Революция сакчылар корпусунун 14 жана Ливандагы Хизбулланын 7 адиси Йеменде иш алып барууда.
«Бул адистердин болушу Ирандын хуситтерге каржылык жана курал-жарак жагынан колдоо көрсөтүүдөн аскердик операцияларды түздөн-түз башкаруу жана көзөмөлдөө баскычына өткөнүн көрсөтөт», — деди министр.
Хайдан аталган адистер аскердик операцияларды башкаруудан тышкары баллистикалык ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УЧА) иштеп чыгуу менен алектенип жатканын белгиледи. Ошондой эле алардын аскердик аракеттери Баб-эль-Мандеб кысыгында жана Кызыл деңизде кеме каттамдарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын билдирди.
Йемендеги хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор шаар Сананы жана өлкөнүн айрым аймактарын көзөмөлдөп келишет.
Ал эми Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүн колдоп келет.
Хуситтер сентябрь айында Кызыл деңиздин жээгиндеги Худейда провинциясынан Таиз провинциясын көздөй чабуул коюп, Баб-эль-Мандеб кысыгына карай жылгандан кийин башталган кагылышуулар тоолуу аймактагы Таиз шаарында жана өлкөнүн башка бир катар аймактарында уланууда.




















