Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага каршы катуу аба соккуларын жасоого даярданып жатканын билдирди.
Социалдык медиада бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусунда Зеленский Орусия-Украина согушундагы акыркы жагдайга сереп салды.
Орус армиясынын кечээ Запорожье облусундагы Комишувак айылына жасаган аба соккуларынан каза болгондордун саны 26га жеткенин маалымдаган Зеленский, "Бул жийиркеничтүү террордук акт" деп кошумчалады.
Зеленский "Патриот" абадан коргонуу системасында колдонулган ракеталарга муктаж экендиктерин баса белгилеп, "Чалгындоо булактарыбыздан Орусия биздин өлкөнүн энергетика жана логистика тармактарына жаңы жана катуу чабуулга даярдап жатканын билебиз" деп айтты.
Орусияга кысым көрсөтүү керектигин жактаган Зеленский "Орусияга кысым көрсөтүшүбүз керек, ошондо алар бул согушту токтотуудан башка аргасы калбайт" деди.




















