Израиль армиясы 10 күнгө созулган курчоодон жана кол салуулардан кийин Батыш Шерианын түштүгүндө жайгашкан Эль-Халиль шаарынан чыгып кетти.
Эль-Халилдин губернатору Халид Дудин: "Израилдин оккупациялык күчтөрү Эль-Халиль шаарынан чыгып кетти, ал эми Палестинанын коопсуздук күчтөрү бүткүл аймакты көзөмөлгө алды", - деп билдирди.
Израилдин чабуулдарынан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон үй-бүлөлөр кайтып келе аларын айткан Дудин, бийлик жана коопсуздук күчтөрү жер-жерлерде окуяларды көзөмөлдөп, палестиналыктардын коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн зарыл иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Израиль армиясы 23-октябрда эки палестиналык куралдуу кол салуу жасаган деген негизде жамааттык жазалоо ыкмасын колдонуу менен аймакты курчоого алып, Эль-Халилге рейд жүргүзгөн. Окуяда эки израилдик аскер каза болуп, үчөө жаракат алган, ал эми Израиль армиясы чабуулду жасады деп ырастаган эки палестиналыкты өлтүргөн.
Аймактагы рейддери башталгандан бери Израиль армиясы Эль-Халилди жана анын айланасындагы айылдарды блокадалап, Жалда жана Айн Дейр Баха конуштарындагы үйлөрдү басып алып, аларды аскердик казармаларга айландырды. Бул процессте миңдеген палестиналыктар күч менен көчүрүлүп, үйлөр, имараттар жана ишканалар талкаланып, инфраструктура да бузулган.





















