Германиянын тышкы иштер министри Вадефуль бул сөздөрдү Анкарада өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын 36-саммитинин алдында Deutschlandfunk радиосуна билдирди.
Вадефул: "Биз Украинага 2026-жылга жана кийинки жылга Европа менен Канаданын кошкон салымы менен 140 миллиард евро бөлө алабыз. Бул Украинаны колдоонун абдан күчтүү белгиси болот", - деди.
Бул убаданын ошол эле учурда Москвага батыштык союздаштардын Киевге көрсөткөн колдоосун улантууда чечкиндүү экенин көрсөтөрүн баса белгилеген Вадефуль согуш талаасындагы акыркы окуялар Украинанын Россияга дагы да оор соккуларды ура ала турган жаңы баскычка өткөнүнөн кабар берерин айтты.
Немис министр батыштын аскердик жана каржылык колдоосунун жер-жерлерде тийгизген таасири ачык көрүнүп турганын белгилеп, Россияны сүйлөшүү столуна кайтаруу үчүн эл аралык кысымды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
















