ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШнын президенти Трамп менен Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригес жолугушту
Бул жолугушуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро 3-январда АКШнын аскердик кийлигишүүсү учурунда кармалгандан кийин Трамп менен Родригестин ортосундагы биринчи түз байланыш болуп саналат.
АКШнын президенти Трамп менен Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригес жолугушту
АКШнын президенти Трамп менен Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригес биринчи жолу жолугушту

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригес эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо, ошондой эле энергетика, тоо-кен жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү темаларын талкуулоо үчүн биринчи жолу жолугушту. 

Родригес X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн жолугушууну "тарыхый" деп мүнөздөдү. 

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана энергетика, тоо-кен, коопсуздук сыяктуу стратегиялык багыттардагы кызматташтыктын күн тартибин алдыга жылдыруу темаларын талкуулагандарын айткан Родригес Трампка өлкөсүндөгү жер титирөөлөрдөн кийин АКШ администрациясы көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Родригес ошондой эле Вашингтонго Венесуэланын "көп тараптуу платформаларга кайра интеграциялануу процессин" колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, Каракас менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди диалог аркылуу өнүктүрүү керектигин белгиледи. 

Экөөнүн жолугушуусу Венесуэланын президенти Николас Мадуро 3-январда АКШнын аскердик кийлигишүүсү учурунда кармалгандан кийин Трамп менен Родригестин ортосундагы биринчи түз байланыш болуп саналат.

Вашингтон менен Каракастын ортосундагы мамиленин жакшырышындагы маанилүү кадам август айында жарыяланган энергетикалык келишим болду. 

Келишимге ылайык, АКШга Венесуэладагы 17 мунай кенинде болжол менен 65 миллиард баррель далилденген запастарды камтыган 100 жылдык жеңилдиктер берилет.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады