АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйындары үчүн барган Нью-Йоркто Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин басма сөзгө кыскача билдирүү жасаган Макрон, Трамп менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөргөнүн айтты.
СУНУШТАЛАТ
Макрон Орусия-Украина согушу жана Иран менен болгон жаңжалдар боюнча позитивдүү талкуу жүргүзгөндөрүн белгилеп, "Биз сүйлөшкөн дагы бир тема Кызыл деңиздеги кырдаал болду. Бул дүйнөлүк баалар үчүн маанилүү. Андан кийин Украина жана Орусия жөнүндө узак талкуу жүргүздүк", - деп кошумчалады.




















