Түркиянын Дезинформацияга каршы күрөшүү борбору (ДМБ) тышкы иштер министрлигинин логотиби жана бланкы колдонулган, Уганданын Башкы штабынын башчысына байланыштуу таратылган билдирүү жасалма экенин билдирди.
Дезинформацияга каршы күрөшүү борбору дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүдө тышкы иштер министрлигинин эмблемасы жана бланкы колдонулуп «Уганданын Башкы штабынын башчысы Мухузи Кайнеругабанын коркутуулары жөнүндө» деген аталышта жарыяланган тексттин толугу менен жасалма экени айтылды.
Борбордун маалыматына караганда, Түркиянын Кампаладагы элчилиги мындай билдирүү тышкы иштер министрлигинин же тиешелүү мекемелердин расмий сайттарында жана байланыш каналдарында жарыяланбаганын билдирген.
Билдирүүдө жалган документтин коомду адаштырууну максат кылып санариптик ыкмалар менен жасалганы маалымдалып адамдарды жалган маалыматка жана жасалма документтерге негизделген мындай дезинформациялык кампанияларга ишенбөөгө чакыруу салынды. Ошондой эле расмий маалыматты Түркия Республикасынын тиешелүү расмий байланыш каналдарынан гана алууга болору баса белгиленди.






















