ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Президент Эрдоган : «Анкара аэропорту жана байланыш жолдорунун ачылыш аземинде" сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия, болгону 4 сааттык учуу менен 1,5 миллиард калкы бар 67 өлкөнүн ортосунда жайгашкандыктан, эл аралык дипломатиянын борбору боло баштады», - деди.
Президент Эрдоган : «Анкара аэропорту жана байланыш жолдорунун ачылыш аземинде" сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган (АА)

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия кылымына карай бара жаткан жолдо эч кимдин биздин максаттарыбызга жолтоо болушуна, мотивациябызды түшүрүшүнө, ишеничибизди бузушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

Президент Эрдоган Анкара аэропортунда өткөн Анкара аэропорту жана байланыш жолдорунун ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

Борбор шаар Анкаранын  25 районундагы жарандардын ар бирине саламын жана урмат  - сыйын билдирген Эрдоган : «Азыр ачылышын ишке ашыра турган инвестицияларыбыздын Анкарабыз башта болгон өлкөбүз, элибиз жана авиация секторубуз үчүн жакшылыктарга себеп болушун каалаймын»,- деди.

«Анкаранын дипломатия карым  - катнаштардагы ролу күн өткөн сайын бекемделип баратат»

Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «2026 -  жыл ар тармакта алдыңкы орунга чыгууну максат кылган Түрия үчүн эң жогорку чекке жеткен жыл болууну улантууда. Биз да бардык мекемелерибиз менен бардык кадрларыбыз менен бул маанилүү жылга татыктуу болуу үчүн иштеп жатабыз. Түркия кылымына кеткен жолдо эч кимдин биздин максаттарыбызга жетүүбүзгө жолтоо болууга, мотивациябызды түшүрүүсүнө жол бербейбиз. Бир гана  86 миллион жараныбызды эле эмес, тагдыры биздин да тагдырыбыз болгон  жүз миңдеген боордошубуздун күчтүү эртеңи үчүн  аракет кылып жатабыз”.

Эрдоган Түркиянын дүйнөлүк саясаттагы салмагы жогорулаган сайын Анкарага келген чет элдик делегациялардын агымы көбөйгөнүн белгилеп: «1,5 миллиард адам жашаган 67 өлкөнүн борборунда, болгону 4 сааттык учуу аралыгында жайгашкан Түркия эми Анкара, Стамбул жана Анталия менен эл аралык дипломатиянын жүрөгү соккон жер боло баштады», - деди.

Мындан 20 жыл мурун жылына 3 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн Эсенбога аэропорту бүгүнкү күндө жылына 15 миллиондун тегерегиндеги жүргүнчүгө кызмат кылып жатканына токтолгон Эрдоган: "Кайдан кайда келдик? Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү, өзгөчө айланма жолдо жана аэропорт багытында жараткан жол тыгындарын баарыбыз абдан жакшы билебиз. Анкара аэропортунун ишке кириши менен Эсенбоганын аба жолунда да, кургактык жол кыймылында да, кудай буюрса, жеңилдөө болот", — деди. Президент Эрдоган 140 метр узундуктагы Борбор шаар авиация көпүрөсү жогорку ылдамдыктагы поезд линиясынын үстүнө курулганын жана 10 000 тонналык палуба Түркияда биринчи жолу колдонулган ыкма менен көпүрөгө коюлганын айтты.

"3 чакырымдык байланыш жолу аркылуу НАТО саммитине катышкан делегациялардын түз каттамын камсыз кылабыз"

Байланыш жолунун 6,5 чакырымдык бөлүгү эки тилкелүү (бөлүнгөн) жол, ал эми 6 чакырымдык бөлүгү бир тилкелүү стандартта болуп, жалпы узундугу 12,5 чакырымды түзөрүн белгилеген Эрдоган: "Эки тилкелүү жол бөлүгүндө орун алган 3 чакырымдык байланыш жолу аркылуу НАТО саммитине катышкан делегациялардын түз каттамын камсыз кылабыз. Муну менен биз Анкара аэропортубуздан Кызылайга чейин 17 чакырымдык, ал эми Үмиткөйгө чейин 7 чакырымдык күчтүү унаа жол тармагын курган болобуз. 230 күн сыяктуу рекорддук убакытта аяктаган бул инвестициялык долбоорлорго салым кошкондорду өзүмдүн жана элимдин атынан дагы бир жолу куттуктайм. Министрликтерибизди, мекемелерибизди, фирмаларыбызды, эмгектенген ар бир боордошумду куттуктайм, Жараткан баарынан ыраазы болсун."

Президент Эрдоган Анкара аэропорту, Борбор шаар авиация көпүрөсү жана байланыш жолдорунун жакшылыктарга себеп болушун каалады.

Андан кийин Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Президент Эрдоганга белек тартуулады.

Президент Эрдоган дуба кылынгандан кийин Анкара аэропортунун расмий ачылышын жасап, салтанатка катышуучулар менен биргеликте эстеликке сүрөткө түштү.

 

Иликте
ASELSAN 114,7 миллион долларлык жаңы экспорттук келишимге кол койду
Тышкы иштер министри Фидан: АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимди кубаттайбыз
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран АКШ-Иран тынчтык келишимине байланыштуу билдирүү жасады
Израилдин Газага кол салуусунан үч палестиналык каза болду
Пакистан: АКШ-Иран келишиминин 24 саатта аягына чыгарылышын күтүп жатабыз
Европадагы куш тумоосу түрк жумарткасына болгон талапты жогорулатты
Түркия Казакстандын мамлекеттик номерлүү  унааларына эл аралык ташуу уруксатын берди
Европа Биримдиги Украина жана Молдова менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүмүн ачууда
Путин: "Украина кол салуулары экономикага зыянын тийгизүүдө бирок Россия ылдам калыбына келүүдө"
АКШ Иран дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Сурамжылоолор оппозициянын рейтинги өсүп, Ликуд партиясы эң төмөнкү орунда экенин көрсөттү
Түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү Дүйнөлүк кубок беттештерин учакта түз эфирде көрө алышат
TANAP 2018-жылдан бери дээрлик 99 миллиард куб метр жаратылыш газ ташыды
2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок Мексиканын Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңиши менен башталды
Орусия: Украинанын Татарстанга дрон чабуулунан 4 адам жаракат алды