Израилдин Jerusalem Post гезитиндеги макалада эгер жаш америкалыктар Иранды оккупациялоого катышууга макул болушса, алардын карыздарынын кечилиши мүмкүн экендиги ортого салынды. Макаланын автору АКШнын Иранга каршы согушу абадан бомбалоо менен гана жеңишке жете албай турганын, өлкөнү басып алууну же көзөмөлгө алууну талап кылаарын жана бул үчүн 1,5 миллионго чейин аскерди мобилизациялоонун зарыл болоорун жактады.
Карызы бар жаш америкалыктарды Иран менен күрөштө жерге атыла турган ок катары колдонуу тууралуу сунуш Jerusalem Post гезитинде жарыяланган макалада Канада куралдуу күчтөрүнөн пенсиядагы офицер А.Ж. Джафф тарабынан ортого салынды.
Жафф, айлар бою уланып жаткан АКШнын интенсивдүү чабуулдары Ирандын аскердик кубаттуулугун талкалаган жок же согушту токтоткон жок жана кургактыктан басып алуу учурдагы күчтөн абдан көп америкалык аскерлерди талап кыларын жактады.
«Иш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрү Иранга карата жасала турган кургактыктагы операция талап кылган деңгээлден төмөн болууда. Ирандын 31 провинциялык командирлигине жана "Мозаикалык коргонуу доктринасына" каршы ийгиликтүү кургактык операциясы үчүн болжолдуу эсептер 750 миңден 1,5 миллионго чейинки американ аскерин камтыйт. Учурдагы активдүү АКШ армиясы болжол менен 452 миңдин тегерегинде. Эсеп ачык эле туура келбей жатат», — деп жазган автор.
Жафф, АКШнын тарыхында салттуу согуш мезгилиндеги аскерге милдеттүүлүктүн ордуна карызды кечүү программасы аркылуу жоокерлерди топтоонун ишке аша турган жолун көрсөткөнүн ортого салууда.
«18–34 жаш аралыгындагы орточочо америкалык, студенттик насыялар, кредиттик карталардагы карыздар, автоунаа насыялары жана жеке насыялар, ипотекадан тышкары, 40 000 доллардан ашык карызы бар; кээ бир эсептөөлөр боюнча бул 100 000 долларга чейин жетиши мүмкүн», - деп жазган ал жана муну кошумчалайт: «Пентагонго ушул муун керек».
«Федералдык деңгээлде башкарылган, кызмат өтөөнүн 24 же 36 айы аяктагандан кийин студенттик кредиттерди, кредиттик карта карыздарын жана башка кредиттик калдыктарды толугу менен жойгон жана GI Bill программасын узарткан карызды кечүү боюнча каттоо программасы ыктыярдуу түрдө аскерге алууну тиешелүү масштабда камсыз кылат», — деп эсептейт макаланын автору.
Америкалыктардын болжол менен 77%ында кандайдыр бир карызы бар. Бул ар кандай финансылык милдеттенмелерге дуушар болгон болжол менен 250дөн 260 миллионго чейинки кишиге туура келет жана АКШ үй чарбаларынын жалпы карызы тарыхый деңгээл болуп саналган 18,8 триллион долларга жетишине өбөлгө түзүүдө. АКШдагы чоң кишилердин орточо карызы 63 500 доллар деңгээлинде.



















