ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2 мүнөт окуу
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Түркиянын Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен өз ара соодасы акыркы 5 жылда 72,2 миллиард долларга жетти.
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн желектери (Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан)

Түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин ортосундагы жалпы байланыштарды геосаясий, экономикалык жана коопсуздук тармактарындагы өнөктөштүккө айландыруу максатында 2009-жылдын 3-октябрында "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши" катары түзүлгөн. 2021-жылы TМУ деген аталышты алган уюм, "Түрк дүйнөсү 2040-жылга чейинки көз караш документине" ылайык, мүчө өлкөлөрдү саясий, экономикалык, маданий жана социалдык жактан интеграцияланган күчтүү аймактык державага айландырууну көздөйт.

Ушул алкакта уюмдун орто жана узак мөөнөттүү максаттарына мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, технологиялардын жана адам ресурстарынын эркин кыймылына акырындык менен жетишүүдөн баштап, Ортоңку коридорду дүйнөдөгү эң ылдам, коопсуз жана арзан логистикалык жолго айландырууга чейинки максаттар кирет.

TМУ ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарына жана акылдуу тармак технологияларына биргелешкен инвестицияларды жана мүчө мамлекеттердин аймактык жана глобалдык кризистердеги кызматташтыгын стратегиялык артыкчылыктар катары карайт.

Түркия 10,9 миллиард долларлык соода профицитине жетишти

Түркиянын уюмга мүчө өлкөлөр менен эки тараптуу соодасы акыркы жылдары туруктуу өсүштү көрсөттү, ошол эле учурда инвестициялар жана кызматташуунун жаңы багыттары да өнүгүп жатат.

Түркиянын статистика мекемесинин (TÜİK) маалыматтарына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында Азербайжанга, Казакстанга, Кыргызстанга жана Өзбекстанга жалпы экспорт 41,6 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле мезгилде бул өлкөлөрдөн импорттун жалпы көлөмү 30,6 миллиард долларга жеткен.

Ошентип акыркы 5 жылда Түркиянын бул өлкөлөр менен соода көлөмү 72,2 миллиард долларга жетти. Бул мезгилде Түркия мүчө өлкөлөр менен 10,9 миллиард долларлык соода профицитине жетишти.

Түркиянын экспорттоочулар кеңешинин (TİM) маалыматтарына ылайык, ушул жылдын алгачкы тогуз айында бул өлкөлөргө экспорт 4,8 миллиард долларды түздү.

Эң көп экспорт Азербайжан жасалды

Акыркы беш жылда Түркия эң көп экспорт кылган өлкө 13,7 миллиард доллар менен Азербайжан болду. Ошол эле мезгилде Казакстанга экспорт 12,4 миллиард долларды, Өзбекстанга 9,9 миллиард долларды жана Кыргызстанга 5,6 миллиард долларды түздү.

Ошол эле мезгилде эң көп импорт Казакстандан келип, жалпысынан 16,7 миллиард долларды түздү. Азербайжандан импорт 6,2 миллиард долларга, Өзбекстандан 6,9 миллиард долларга жана Кыргызстандан 951,9 миллион долларга жетти.

Ортоңку коридор соода мамилелерин бекемдөөдө

Түркия менен Азербайжан коргонуу, энергетика, транспорт, медиа жана технология сыяктуу көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорго ээ. Бул контекстте Азия менен Европаны байланыштырган Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук кызматташтыктын маанилүү элементтеринин бири катары өзгөчөлөнүп турат.

Түркия менен Казакстан болсо акыркы жылдары тарыхый байланыштарын стратегиялык экономикалык өнөктөштүккө айландырышты, айрыкча Ортоңку коридордун аркасында, жасалма интеллект, инновация жана космостук ишмердүүлүктөн тартып тоо-кен казып алууга чейинки көптөгөн тармактарда өз ара кызматташуу өнүгүп жатат.

Кыргызстан жана Өзбекстан менен мамилелер да Ортоңку коридор жана эл аралык транспорттук линиялар, энергетика, тоо-кен, эркин соода зоналары, санариптик соода жана өз ара инвестициялар аркылуу тереңдетилүүдө.

Иликте
Кыргызстан Түркияга жаңы долбоор сунуштады!
Ташкентте "Түрк дүйнөсүнүн диалогдору: Орток келечек, орток көз караш" деген аталыштагы панель өтөт
Казакстандын президенти Токаев аскердик реформаны баштоо боюнча буйрук берди
Алиев: «5 жылдын ичинде кайра жаралуучу энергия Азербайжанда бардык жерде болот»
Илхам Алиев: "Түштүк Кавказда орнотулган тынчтык  инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө"
Анкараны "Элечек" кийген айымдар көрккө бөлөштү
Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын биргелешкен машыгуусунда символдук буталар жок кылынды
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөдү
Түрк дүйнөсүнүн композиторлор биримдиги түзүлдү
Президент Жапаров Сеулда уюштурулган Борбор Азия-Корея Республикасы саммитинде сөз сүйлөдү
Байрамов: «Түркия менен Азербайжан алдыдагы ондогон жылдарга долбоорлорду координациялап жатышат»
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Азербайжандын президенти Алиев: "Түштүк Кавказ тынчтык аймагына айланууда"
Эрдоган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде чогуу сүрөткө түшүүгө катышты
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда "Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык келишими" түзүлдү
Бишкекте ШКУ мамлекет башчыларынын кеңеш жыйыны  башталды