Президент Жапаров Сеулда уюштурулган Борбор Азия-Корея Республикасы саммитинде сөз сүйлөдү
ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2 мүнөт окуу
Президент Жапаров Сеулда уюштурулган Борбор Азия-Корея Республикасы саммитинде сөз сүйлөдү«Акыркы жылдарда Борбордук Азия динамикалуу, ылайыктуу жана экономикалык жактан өз ара байланышкан аймакка айланды»
Сеулда Борбордук Азия – Корея Республикасы саммити өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров туруктуу жана гүлдөгөн Борбордук Азия аймак элдеринин гана эмес, эл аралык өнөктөштөрдүн да кызыкчылыктарына кызмат кылаарын билдирди.

Кыргыстандын президентинин басма сөз борборунун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Жапаров Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн Борбордук Азия-Корея Республикасы саммитинде сөз сүйлөдү.

Саммит кызматташууда жаңы бап ачканын белгилеген Жапаров: «Туруктуу жана гүлдөгөн Борбордук Азия аймак элдеринин гана эмес, эл аралык өнөктөштөрдүн да кызыкчылыктарына кызмат кылат», - деди.

Ал акыркы жылдары Борбордук Азия динамикалуу, гармониялуу жана экономикалык жактан өз ара байланышкан аймакка айланганын жана аймакта кеңири масштабдуу трансформация болуп жатканын белгиледи.

Жапаров бул процесстер өз ара ишенимге жана жалпы узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга негизделгенин жана саммитте кабыл алына турган Сеул декларациясы алдыдагы жылдарга карата конкреттүү долбоорлорду камтыган практикалык иш-аракеттер программасынын негизин түзөрүн билдирди.

Түштүк Кореяны Борбордук Азия үчүн ишенимдүү өнөктөш катары сыпаттаган Садыр Жапаров, соода, инвестиция, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы өз ара пайдалуу долбоорлорду белгилеп, азыркы этаптагы эң маанилүү милдет өлкөлөрдүн ортосундагы жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү экенин баса белгиледи.

«Борбордук Азия - Корея Республикасы» лидерлеринин саммити өнөктөштүк, тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана гуманитардык жардам боюнча негизги көз карашты белгилеп, мамилелерди стратегиялык деңгээлге көтөргөн 28 пункттан турган «Сеул декларациясына» кол коюу менен аяктады.

Экинчи саммитти Казакстан 2028-жылы өткөрө турганы жарыяланды.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён өткөргөн саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.

Иликте
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Азербайжандын президенти Алиев: "Түштүк Кавказ тынчтык аймагына айланууда"
Эрдоган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде чогуу сүрөткө түшүүгө катышты
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда "Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык келишими" түзүлдү
Бишкекте ШКУ мамлекет башчыларынын кеңеш жыйыны  башталды
Президент Эрдоган Кыргызстанга барды
Гирне жээгинде кеме оодарылды: 237 адам куткарылып, 7 адам каза болду
Кыргызстан «6-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын» өткөрүүгө даяр
Путин, Си Цзиньпин жана Пезешкиан Кыргызстанда өтө турган саммитке катышат
Орус мунайы Казакстанда иштетилет
Бишкекте бир катар көчө жана жолдордун аталыштары өзгөртүлдү
Бишкекте “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышы болду
Казакстандагы бир палаталуу Курултайдын биринчи шайлоосунун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду
Казакстан жаңы конституциясынын алкагында биринчи парламенттик шайлоосун өткөрүп жатат
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Кыргызстан Кытайдын Кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү чечимин кубаттады
Кыргызстандагы 51 миң орундуу стадиондун курулушу аяктады
АК партиянын төрага орун басары Зорлу: «Түркия менен Венгрия бири-биринен ажырагыс»
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады