Ирандын IRNA маалымат агенттиги Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.
Билдирүүдө АКШнын акыркы чабуулдары Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 2-беренесинин 4-пунктун жана мамлекеттердин бири-бирине каршы күч колдонууга тыюу салган эл аралык укуктун негизги принцибин бузгандыгы айтылды.
Ирандын улуттук эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү бутага алынган деген сөздөр камтылган билдирүүдө, өлкөнүн өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында чабуулдардын булагы деп аталган аймактагы АКШнын базаларына жана аскердик жайларына жооп кайтарганы баса белгиленди.
Тегеран администрациясы аймактык өлкөлөргө өз жерлерин Иранга каршы чабуулдарды пландаштыруу жана колдоо үчүн колдонууга жол бербөө чакырыгын кайталады.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана БУУнун Башкы катчысын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, чабуулдарга күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышын камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин аткарууга чакырды.
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) кечээ Омандын жээгинде AH-64 Apache тик учагы кайгуулда жүргөндө кырсыкка учураганын жарыялаган.
Билдирүүдө учактагы эки экипаж мүчөсү аман калганы айтылган. АКШ тик учактын атып түшүрүлүшүн шылтоолоп түн ичинде Ирандын түштүк аймактарына кол салган болчу.













