Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен бирге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирди.
БУУнун 81-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган президент Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен эки тараптуу жолугушуусунан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.
Дональд Трамп менен жолугушуусу тууралуу маалымат берген Зеленский өз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, "Менимче, баарыбыз мүмкүн болушунча тезирээк аракет кылышыбыз керек" деди.
Зеленский 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн лидерлер биригиши керектигин баса белгиледи.
Украинанын президенти Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирип, Трамп АКШ- Орусия- Украина лидерлеринин саммити үчүн аракет кылышы мүмкүн экенин айтты.
Зеленский эгерде мындай жолугушуу өткөрүлсө, үч лидер согушка байланыштуу эң маанилүү маселелерди чече аларын жактап, "Мен үч тараптуу жолугушууга даярмын, бирок Путин ага даяр деп ойлобойм. Ал согушту токтотууга даяр эмес" деп кошумчалады.
Энергетикалык ок атышпоонун камсыздалышы темасы да талкуулаганын маалымдаган Зеленский "(Орусия) биздин энергетикалык секторубузду бутага алууну токтотсо биз энергетикалык ок атышпоого даярбыз" деди.
Зеленский бул ок атышпоонун камсыздалышы үчүн Украинанын сунуштары АКШ тарабынан Орусияга жеткирилерин белгиледи.
Алар мурда АКШдан Patriot абадан коргонуу системасында колдонулган ракеталарды өндүрүү үчүн лицензия сурашканын эске салган Зеленский бул маселе боюнча АКШнын тиешелүү кызматкерлери менен иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.





















