Министрликтен берилген маалыматта :”«Яшар» жана «Надежда» аттуу Түркиянын ээлигиндеги жарандык кемелер кечээ кечинде Новороссийск портунан чыккандан кийин дрондордун соккусуна кабылганы жана аларында биздин да жарандар болгон бир топ кызматкердин жаракат алгандыгы маалым болду. Жарандарыбыздын коопсуздугуна алдыңкылык берип жатабыз, алардын абалы кылдаттык менен көзөмөлдөнүп жатат»,- деп айтылды.
«Россия менен Украинанын ортосундагы согуш, бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан жарандык кемелерге да таасирин тийгизип, Кара деңизге жайылышынан улам олуттуу тынчсыздануу жаратууда»,- деп айтылды. Кара деңиздеги абалдын курчушу азык-түлүк коопсуздугу менен бирге көп кырдуу терс кесепеттерге алып келери айтылды.
Билдирүүдө согушкан тараптар жана башка тиешелүү бардык акторлорго Кара деңизде кемелердин коопсуз сүзүүсүн камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды дароо ишке ашыруу тууралуу кайрадан чакырык салынды.













