Сарп чек ара өтмөгүн текшерген министр Болат өлкөнүн түндүк-чыгыш чекитинде жайгашкан Сарп чек ара өтмөгү абдан маанилүү эл аралык соода, логистика жана транспорт коридору экенин билдирди.
Болат Соода министрлиги катары 1988-жылы ачылган, 2008-жылы оңдолгон жана 2019-жылы кеңейтилген Сарп чек ара өтмөгүн текшерип чыгышканын белгилеп, Грузия Түркия үчүн абдан баалуу коңшу экенин кошумчалады.
Болат Түркиянын Грузия менен соода көлөмү 3 миллиард долларды түзөрүн айтып, сөзүн улантты:
"Сарп бажы башкармалыгы жана чек ара өтмөгү бардык Азия өлкөлөрүнө ачылган абдан маанилүү транзиттик коридор. Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш аяктаганда, бул жердеги соода көлөмү тездик менен өсүп, көбөйөт деп үмүттөнөбүз. Бизде абдан заманбап жана кооз чек ара өтмөгү бар. Бул жердеги баалуу кесиптештерибиз, биздин Качкар бажы жана тышкы соода аймактык директору жана анын командасы сооданы тездетүү үчүн күнү-түнү талыкпай иштеп жатышат".






















