ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Газпром: Европанын газ кампаларындагы тартыштык камсыздоо тобокелдигин жаратууда
Россиянын энергетикалык компаниясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Германиядагы, Нидерландиядагы жана Франциядагы жаратылыш газын сактоочу жайлардын деңгээли Европадагы орточо көрсөткүчтөн төмөн экендиги билдирилди.
Газпром: Европанын газ кампаларындагы тартыштык камсыздоо тобокелдигин жаратууда
Санкт-Петербургдагы эл аралык газ форумунда «Газпромдун» логотиби көрүнүп турат (Архивдик сүрөт)

Россиянын энергетика компаниясы Газпром Европанын жер астындагы жаратылыш газын сактоочу жайларынын жетишсиздиги суук аба ырайында ишенимдүү камсыздоого олуттуу коркунуч келтирип жатканын билдирди.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Европадагы жаратылыш газ сактагычтарынын июнь жана июль айларындагы толтурулуу көрсөткүчтөрүнө баа берилди.

Кампалардагы газ тартыштыгы 12 миллиард кубометрге жеткени белгиленген маалыматта 31-июлга карата кампалардагы жаратылыш газынын көлөмү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 17,3 пайызга аз экени көрсөтүлгөн.

Германия, Нидерландия жана Франциядагы жаратылыш газ сактагычтарынын толтурулуу көрсөткүчтөрү Европанын орточо деңгээлинен төмөн экендиги белгиленди. «Азыркы абал суук мезгилде европалык керектөөчүлөргө ишенимдүү жаратылыш газ менен камсыз кылуу жагынан тобокел жаратаарын» билдирүүдө деп айтылды.

Газпромдун Европага жаратылыш газ экспорттоо көлөмү санкциялардан улам олуттуу азайган.

Иликте
Ысык-Көлдө Кыргызстандын президенти Жапаров Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Ирандын аскерлери: "Биз Кувейттеги Ахмед аль-Жабир аба базасын бутага алдык".
Кытайда тоннелдин кулашынын натыйжасында 4 адам каза болду
Президент Эрдоган Ирактын Жогорку сот кеңешинин төрагасы Зейданды кабыл алды
Ирандын революциялык гвардиясы: "АКШнын кийлигишүүсү улана берсе, Ормуз кысыгы кайра ачылбайт"
Грециядагы токой өрттөрүндө каза болгон өрт өчүрүүчүлөрдүн саны үчкө жетти
Украинада орусиялык ракета чабуулунан алты адам каза болду, анын ичинде балдар да бар
Министр Фидан Хамастын саясий бюросунун төрагасы Хайяны жана аны коштогон делегацияны кабыл алды
Кипрде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жетекчилиги астында үч тараптуу жолугушуу башталды
Жапонияда болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 13кө жетти
Түрк Кызылайы Судандагы муктаждар үчүн азык-түлүк колдоосун көрсөттү
Президент: «Кеңеш өлкөбүздүн улуттук жана эл аралык коммуникация мүмкүнчүлүктөрүн андан ары чыңдайт»
Эрдоган: «Эл аралык коомчулук Түркияны анын маданий ишмердүүлүгү аркылуу тааныйт»
Түркия Испаниядан кийин Францияга да өрт өчүрүүчү учактарын жөнөттү
Япониянын түштүгүндө 7,1 баллдык жер титирөө болду