Орусия-Украина согушунан улам 2022-жылы Түркияга алынып келинип, өткөн айда Битлстин Ахлат районуна жайгаштырылган Ахыска түрктөрү Түркия Республикасынын жарандары катары райондо тынчтык жана коопсуздукта жашоосун улантууда.
1944-жылы өз жерлеринен ар кайсы өлкөлөргө сүргүнгө айдалган жана андан кийин 2022-жылы президент Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Украинадан эвакуацияланып, алгач Элазыгдагы убактылуу баш калкалоочу жайга жайгаштырылган Ахыска түрктөрүнө Ахлаттын Тунус конушунда 371 үй курулган.
Өткөн айда үйүнүн ачкычтары берилген Ахыска түрк үй-бүлөлөрүнө керектүү процедуралар аткарылгандан кийин Түркия Республикасынын өздүк күбөлүктөрү да тапшырылды.
Көп жылдык миграция жана жер которуудан улам кыйынчылыкка туш болгон үй-бүлөлөр эми алар үчүн түзүлгөн жаңы конуш аймагында тынчтык жана коопсуздукта жашай башташты.
Ахыска түрктөрү көптөгөн жылдарга созулган кыйынчылыктардан кийин өз үйлөрүнө жетүүнүн жана Түркия Республикасынын жараны болуунун кубанычын сезип жатышат.





















