Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Биздин аймакта тарых кайрадан жазылууда. Түркия тынчтыкчыл саясаты менен аймакка багыт берип жатат", - деди.
Президент Эрдоган Малазгирт улуттук паркынын аянтында өткөрүлгөн Анадолунун каратылышынын 955 жылдыгына арналган Малазгирт 1071 эскерүү программасында сөз сүйлөдү.
Эрдоган өз сөзүндө: "Керек болгондо баарынан баш тартабыз, бирок мекенибизге, мамлекетибиздин жана улутубуздун келечегине келгенде, эч кимге баш ийбейбиз", - деп билдирди.
"Бул географияда биздин күчтүү, бирдиктүү жана бирге болуудан башка аргабыз жок" деген Эрдоган: «Биз улут катары бириккен сайын, ийин тирешип турган сайын, бири-бирибизди колдогон сайын ийгиликтен ийгиликке, жеңиштен жеңишке жетишип келгенбиз. 955 жыл мурунку Малазгирт дастанын унутпагыла; биз аны ушундай жазганбыз» деди.
Өз сөзүндө Террорсуз Түркия процессине да токтолгон Эрдоган: «Биз муну бир туугандыгыбыз үчүн кылдык. Досубуз да, душманыбыз да аймагыбызда тарых кайрадан жазылып жатканын билсин. Түркия тынчтыкчыл саясаты менен аймакка багыт берип жатат. Азыр эч ким муну токтото албайт» деди.
Президент: «Түркиянын жана түрк элинин куттуу жүрүшүн провокациялар жана тузактар менен токтото алабыз деп ойлогондор көңүл калууга дуушар болушат» деп кошумчалады.



















