Сирия президенти Ахмед Шара АКШнын Сирияны «террорду колдогон өлкөлөр» тизмесинен чыгарган соң өлкөсү өнүгүү, кайра куруу жана калыбына келтирүү процессине кирип жатканын билдирди.
Ахмед Шара X социалдык платформадагы аккаунтундагы билдирүүсүндө Сирия оор өткөн күндөрүн артка калтырып, өнүгүү, кайра куруу жана калыбына келтирүү жолуна чыкканына токтолду.
Шара санкциялардын алынуусу жана чектөөлөрдүн жоюлушу менен сириялык эли дагы бир ирет маанилүү жетишкендикке ээ болгонуна токтолуп, «Улуу Алладан сиздерге кызмат кылууга бизге күч берүүсүн тилеймин» деди.
Ал АКШ президенти Дональд Трампка жана Сириянын жанында турган, өлкөсүнө колдоо көрсөткөн бардык досторго жана колдоочу мамлекеттерге ыраазычылыгын билдирди.
АКШ Казына министрлиги Сириянын 1979-жылы кошулган «террорду колдогон өлкөлөр» тизмесинен расмий түрдө чыгарылганын маалымдаган.
Сирияда Башар Асад режиминин кулашынан (2024-жылдын декабры) кийин Вашингтон менен Шамдын ортосунда жаңы доорго байланыштуу байланыштар жанданды.
Сириянын тизмеден чыгарылышы өлкөнүн көп жылдан бери уланып келаткан дипломатиялык жана экономикалык изоляциясын жеңилдетүү жагынан маанилүү кадам катары бааланууда.





















