ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ эртең менен борбор калаа Киевге кол салууда 12 адам каза болуп, 40 адам жаракат алганын кабарлаган.
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Башкы катчы Гутерриш Орусиянын Украинанын шаарларына жасаган аба соккуларын "кескин айыптады"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриш Орусиянын Киевди кошо алганда, Украинанын шаарларына аба соккуларын "катуу айыптаганын" билдирди.

БУУнун Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында өткөн күнүмдүк басма сөз жыйынында Жакынкы Чыгыштагы жагдайларга байланыштуу маалымат берди.

Баш калаа Киевге жана Украинанын башка шаарларына дрондук жана ракеталык аба соккуларына байланыштуу Дюжаррик: "Бул калктуу конуштарга жасалган чабуулдардын көбөйүшүнүн дагы бир кайгылуу мисалы", - деди.

"Башкы катчы, Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрү тарабынан борбор калаа Киевге жана Украинанын башка шаарларына жасалган ири масштабдуу ракеталык жана дрондук чабуулдарды катуу айыптайт", - деген Дюжаррик, бул чабуулдар ондогон карапайым тургундардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келип, инфраструктурасына чоң зыян келтиргенин кошумчалады.

Дюжаррик: "Жаңжалдын Орусия Федерациясынын аймагында да уланып жатышына байланыштуу Башкы катчынын терең тынчсыздануусун билдире алам", - деди.

“Бул кол салуулар эл аралык гуманитардык укукту ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана тезинен токтотулушу керек” деп билдирген Дюжаррик, Гутеррештин "дароо жана шартсыз ок атышууну токтотуу" чакырыгын жеткирди.

Украина президенти Владимир Зеленский кечээ эртең менен Киевге кол салууларда 12 адам каза болуп, 40 адам жаракат алганын кабарлаган.

Киевдин мэри Виталий Кличко орус армиясынын чабуулдарынан кийин 21-августту Киевде аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Иликте
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр
Кытайдын түндүгүндөгү имаратта чыккан өрттөн 8 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды
Пезешкиан: "Акылмандык, ар-намыс жана өз кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен сүйлөшөбүз"
Израилдин Газадагы полиция пунктуна кол салуусунан каза болгондордун саны 9га жетти
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 71ге жетти
Украина: "Орусиянын Киевге кол салуусунан 8 адам каза болуп, 33 адам жаракат алды"
Израиль 2 жылдан ашык убакыттан бери танып келген 5 жаштагы Хинд Ражабды өлтүргөнүн мойнуна алды
Россия менен Украина БАЭнин ортомчулугунда 103 туткунга 103 туткун алмашты
"Түндүк агым" куурундагы жардырууларга байланыштуу украиналык эркек кармалды
Түркия менен Сириянын ортосундагы тоо-кен тармагында стратегиялык өнөктөштүк
Греция Карпатос аралындагы Патриот ракеталык батареясын Критке көчүрүүнү пландап жатат
Бразилияда жүк ташуучу унаа менен автобус кагышты: 21 адам каза болду
Президент Эрдоган  Япониянын премьер-министри Такаичи менен телефон аркылуу сүйлөштү