ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Йоханнесбургдагы куралдуу кол салуу: 12 адам каза болуп, 9 адам жаракат алды
Йоханнесбургдун чыгышындагы конуштардын биринде болгон куралдуу кол салууда он эки адам каза болуп, тогуз адам жаракат алды. Полиция кеңири масштабдуу издөө иштерин баштады.
Йоханнесбургдагы куралдуу кол салуу: 12 адам каза болуп, 9 адам жаракат алды
Полиция кызматкерлери окуя болгон жерди текшерүүдө / Reuters

Шаршемби күнү Түштүк Африка полициясынын маалыматына караганда, шейшемби күнү кечинде Йоханнесбургдун чыгышындагы Кливленддеги конуштардын биринде куралчан кишилердин ок чыгарышынан кеминде 12 адам каза болуп, тогуз адам жаракат алды.

Полиция Жамперлер конушуна кол салуудан кийин 10дон ашык шектүүлөрдү издөөнү баштаганын билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, жабырлануучулар тогуз эркек жана үч аял болгон; он бир киши окуя болгон жерде, ал эми бири ооруканада каза тапты.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз.

Полициянын айтымында, шектүүлөр ак унаа менен келип, конушка эки башка жерден кирип, бир нече жерден ок чыгарышкан, андан кийин ошол эле унаа менен качып кетишкен.

Түштүк Африкада адам өлтүрүү көрсөткүчтөрү эң жогорку өлкөлөрдүн бири, күнүнө орто эсеп менен 60ка жакын кол салуу катталат.

Иликте
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү