Шариф АКШда жайгашкан X компаниясынын социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: "Биз (АКШ менен Ирандын ортосундагы) тынчтык келишимине мурдагыдан да жакындап калдык. Биз анын 24 сааттын ичинде жыйынтыкталаарын күтөбүз", - деп билдирди.
Пакистандын тынчтык келишимине электрондук кол коюуга даярдыктарды улантып жатканын белгилеген Шариф техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн келерки жумада өткөрүлөрүн билдирди.
Шариф сүйлөшүүлөр учурундагы милдеттенмелери үчүн АКШ менен Иранга ыраазычылык билдирип муну кошумчалады: "Аймактагы бир туугандарыбызга колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул тарыхый келишим узак мөөнөттүү тынчтык үчүн бекем пайдубал түзөт деп ишенебиз".
















