Карни бул сөздөрдү Торонтодогу кабарчыларга Түркия менен болгон мамилелери тууралуу комментарий берип жатып айтты.
"Түркия НАТОнун укмуштуудай маанилүү өнөктөшү", - деген Карни, "Бул аймак Балкандан Жакынкы Чыгышка, Кавказга жана андан ары созулгандыктан регионалдык жактан алганда да Түркия аймактагы эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрдүн жана державалардын бири", - деп кошумчалады.
СУНУШТАЛАТ
Карни: "Биздин (Түркия менен) мамилебиз тереңдеп баратат", - деп 7-8-июлда Анкарада өтө турган НАТОнун лидерлеринин саммитине катышаарын жана жылдын аягына чейин Түркияга кайрадан келерин билдирди.



















