Азербайжандын президенти Ильхам Алиев: "Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым - катнаш коңшу өлкөлөр тарабынан изилденип, үлгү алынышы керек болгон модель. Коңшулар да кудум Түркия жана Азербайжан сыяктуу аракет кылышы керек", - деди.
Алиев аймактык жана глобалдык окуяларды талкуулоо үчүн 4-Шуша глобалдык медиа форумунун катышуучулары менен жолугушту.
Алиев саясий, экономикалык, энергетикалык, байланыш жана эл аралык карым - катнаштагы кызматташтыктын деңгээлин эске алганда, дүйнөдө Түркия менен Азербайжандай бири-бирине жакын, колдоочу жана достук мамиледеги эки башка өлкө жок экенин баса белгиледи. "Бул биздин элдерибиз жана өлкөлөрүбүз үчүн чоң жетишкендик. Биз бирге болсок күчтүү болобуз", - деди.
Алиев Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым - катнаштар аймактык туруктуулук жана кызматташтык жагынан маанилүү элемент экенине көңүл буруп, төмөнкүлөрдү билдирди: «Бул коопсуздук жагынан да маанилүү фактор. Анткени, беш жыл мурун Шушада биз Түркиянын президенти менен биргеликте Шуша декларациясына кол койгонбуз. Бул документ биздин карым - катнаштарыбызды союздаштык деңгээлине көтөрдү. Ошондуктан, биз боордош жана дос гана эмес, союздашпыз. Эгерде бирибизге бир жаман нерсе болсо экинчиси аны коргоо үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү менен бирге колундагы бардык каражаттар менен боордошун колдойт».
Алиев: «Тектеш болуу же бир тил үй-бүлөсүнө таандык болуу дайыма эле ушундай негизди түзө бербейт. Тескерисинче, кээ бир учурларда дээрлик бир тилде сүйлөгөн элдердин өз ара согушканына күбө болуудабыз. Бир эле динди тутунган адамдардын бирин-бири өлтүрүп жатканын да көрүп жатабыз. Ушул себептен, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым - катнаш коңшу өлкөлөр тарабынан изилденип, үлгү алынышы керек болгон модель. Коңшулар да дал Түркия менен Азербайжандай иш алып барышы керек», — деген пикирин билдирди.
"Тынчтыкты жайылтуудагы медианын миссиясы: чындыкты калыбына келтирүү жана ишенимди кайра куруу" деп аталган 4-Шуша глобалдык медиа форуму 53 өлкөдөн 160ка жакын катышуучуну жолугушурат.
30дан ашык маалымат агенттиктерин, 10 эл аралык уюмду жана 60ка жакын маалымат каражаттарын камтыган форум эки күнгө созулат.
















