МАДАНИЯТ
3 мүнөт окуу
Профессор, доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдо белгиленди
Кыргыз адабиятынын залкар инсаны, дүйнө жүзү боюнча «Манас» жана «Айтматов» изилдөөлөрүнүн алдыңкы ысымы болгон академик профессор, доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдо өткөн эл аралык эл аралык конференция менен белгиленди.
Профессор, доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдо белгиленди
Профессор,доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдо белгиленди

 Түрк дүйнөсүнүн «Данакери» профессор, доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙдо белгиленди.

Кыргыз адабиятынын залкар инсаны жана дүйнө жүзү боюнча «Манас» жана «Айтматов» изилдөөлөрүнүн алдыңкы ысымы болгон академик профессор, доктор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракеси Түрк маданиятынын эл аралык уюмунда (ТҮРКСОЙ) өткөн эл аралык конференция менен белгиленди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин эгедерлиги астында 2026-жылдын 27-октябрында Анкарада өткөн конференция «Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин символу: ДАНАКЕР» деп аталды. Конференцияга түрк дүйнөсүнөн дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана маданият ишмерлери катышты. Иш-чара Акматалиевдин илимий эмгектерин чагылдырган фото жана китеп көргөзмөсүн көрүү жана «Түрк дүйнөсүнүн Данакери» даректүү тасмасын көрсөтүү менен башталды.

«Илим-билимди жазууга киргизүү менен жалпы эс тутумду жаратат»

Ачылуудан кийин протоколдук сөздөрдө биринчи болуп «Чыңгыз Айтматов» атындагы институттун жетекчиси, профессор, доктор Ильяс Топсакал сүйлөп, окумуштуулардын коомдор жана маданияттар үчүн өтө маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Топсакал илимдин аркасында билим жазууга өткөрүлүп, ошону менен улуттарды колдогон бекем «орток эс тутумду» түзөрүн түшүндүрдү. Акматалиев түрк дүйнөсүнүн адабиятын өзүнүн ири эмгектери менен жазып алган монументалдуу окумуштуу экенин айтып, ал бул эс тутумдун эң маанилүү архитекторлорунун бири экенин баса белгиледи Топсакал.  

Түрк дүйнөсүнүн адабий казынасына теңдешсиз салым

ТҮРКСОЙдогу Кыргыз Республикасынын өкүлү Марат Тагаев катышуучуларга Башкы катчы Султан Раевдин жана өзүнүн атынан салам айтып, Акматалиевди 70 жашка толушу менен куттуктады. Тагаев, II. даражадагы «Манас» орденинин ээси Акматалиевдин кыргыз улуттук гуманитардык илимдерине гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн адабий мурасына теңдешсиз салым кошконун билдирди. Уста академикти Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын даңазалаган жана изилдөөлөргө жаңы дем берген «бириктирүүчү жакшы ниет элчиси» (Данакер) катары сыпаттаган Тагаев: «Абдылдажан Амантурович кесиптик өмүрүндө илим менен маданияттын ортосунда үзүлгүс байланыш түзүп, 1000ден ашык эмгектерди жаратып, 100дөн ашык студентке насаатчылык кылып, 500дөн ашык эл аралык конференцияларды жана симпозиумдарды жетектеген»,-деп айтты.

«Манас» жана «Айтматов» изилдөөлөрүндөгү туу чоку

Презентацияларда сөз сүйлөгөн КР Президентинин алдындагы «Чыңгыз Айтматов» атындагы Адабият институтунун Айтматов изилдөө борборунун башчысы доцент Нурзина Исаева Акматалиевдин кырк жылдык илимий жолун кеңири баяндады. Исаева Акматалиевдин координациясы астында даярдалган 33 томдук «Түрк дүйнөсү адабиятынын тарыхы, энциклопедиясы жана антологиясы» сыяктуу монументалдуу эмгектер Түркиянын университеттеринде окуу куралдары катары колдонулуп жатканын баса белгиледи. Элазыгда «Манас» эпосунун түрк тилинде басылышын жетектеген Акматалиев ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына (2028) төрт тилде кеңири энциклопедияларды даярдап жатканы айтылды. «Анадолу маданият долбоорлорунун» башкаруучуларынан бири Шенер Булут ТРТ каналынан көрсөтүлгөн Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү даректүү тасманын сценарийи түздөн-түз Акматалиевдин макаласынан алынганын жана маркум Роза Айтматованы да урматтоо менен эскергенин билдирди.

«Үзүлгөндү улаган, чачылганды чогулткан адам»

Конференциянын презентация бөлүмүндө ТҮРКСОЙдун өкүлү доцент доктор Кемал Гөз катышуучуларга кыргыз тилинде кайрылды. Кемал Гөз Акматалиевдин «Манас» жана «Айтматов» боюнча изилдөөлөрүндө негиздеген ой жүгүртүү мектеби түрк дүйнөсү үчүн баа жеткис байлык экенин баса белгиледи. Конференцияга тема болгон «ДАНАКЕР» сөзүн өз сөзү менен чечмелеп берген доцент доктор Гөз сөзүн төмөнкүдөй жыйынтыктады:

«Данакер деген сөз үзүлгөндү улаган, чачыраганды чогулткан жана адамдардын жүрөгүн бириктирген адам дегенди билдирет. Биздин профессор агай дал ушундай көпүрө куруучу инсан. 70 жашыңыз менен куттуктайм, ар дайым ден соолугуңуз чың болсун».

 Конференциянын презентациялык бөлүгүндө академиктер Досжан Сайранбаевдин, проректор Жайыл Садыкбек кызынын, улук илимий кызматкер Нургүл Осмоналиеванын жана профессор, доктор Берди Сарыевдин баалуу баяндоолору менен орун алышты.

Берилгендик – биздин жалпы маданиятыбыздын эң чоң баалуулугу

Ардактуу конок, профессор, доктор, программанын жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөө үчүн трибунага чакырылды. Абдылдажан Акматалиев анын урматына уюштурулган бул маанилүү иш-чара үчүн ТҮРКСОЙго жана башкы катчы Султан Раевге ыраазычылык билдирди. Акматалиев түрк дүйнөсүнүн ар кайсы бурчунан кубанычын бөлүшүү үчүн келген кесиптештерине жана студенттерине кайрылып: «Мени ушундай өзгөчө күнү жалгыз калтырбаган бардык досторума, Манасты жана Айтматовду сүйүүчүлөргө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Берилгендик - бул биздин жалпы маданиятыбыздын жана бир туугандыгыбыздын эң чоң баалуулугу», - деди.

Конференция ыраазычылык сертификаттарын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө менен аяктады.

Иликте
Япония менен Финляндия коопсуздук жана коргонуу кызматташтыгын күчөтүү үчүн келишимге кол коюшту
БУУнун баш катчысы Ирандын өзөктүк маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө болорун билдирди
Израиль 3 жылда Газа тилкесинде 9 миңден ашууну эне болгон 12 миң 500дөн ашуун аялды өлтүрдү
Түркиянын Жандармерия күчтөрү Испаниядан 101 медаль менен кайтып келди
Катардын эмири Аль Тани Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолугушту
Орусия: "Воронеж облусунда дрон чабуулунан поезддеги эки адам каза болду"
Иран: "Мекке альянсына мүчө өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү Тегеранга барышат"
Израилдин Газада палестиналыктардын чатырларына кол салуусунан бири бала 3 адам каза тапты
Түркиянын иш техникалары жана жабдуулары Кыргызстанда өткөн жарманкеде көрсөтүлдү
Орусия: Украинадагы логистикалык борборлорго жана жүк ташуучу кемеге сокку урдук
Өзбекстан «Самарканддын тарыхый мурасы» тууралуу посттор боюнча Иранга дипломатиялык нота жөнөттү
Нигерияда куралчан адамдар кеминде 20 адамдын өмүрүн кыйды
Тель-Авивдеги миңдеген израилдик шайлоо алдында Нетаньяхунун доорунун аякташын талап кылышты
Трамп эртең Иранга кол салышы же жакшы келишимге жетишиши мүмкүн экенин билдирди
Трамп согуштан кийин АКШ Украина жана Орусия менен соода жүргүзүүгө даяр экенин жарыялады