ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Украинага жылдын калган бөлүгүндө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон каржылык колдоо 33,7 миллиард еврону түзөрү белгиленди.
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
ЕБден Украинага 2,9 миллиард евролук каржылык колдоо

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинанын каржылоо муктаждыктарын канааттандыруу жана реформаларын колдоо үчүн 2,9 миллиард евро жаңы каржылоо бөлдү.

Европа Биримдиги Комиссиясы Украинанын экономикасын калыбына келтирүү, реформалар жана мүчөлүк процессин колдоо үчүн түзүлгөн каржылык жардам программасынын алкагында жаңы колдоону жарыялады.

Билдирүүдө: "Украинага каржылоо муктаждыктарын колдоо жана мамлекеттик башкаруунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн 2,9 миллиард евро берилди", - деп айтылды.

Сөз болуп жаткан сумманын 800 миллион евролук бөлүгү жалпысынан 90 миллиард евролук "Украинаны колдоо насыясы" программасынан камсыздалганы белгиленген билдирүүдө төлөм Украина сот, финансы рыноктору, ишкердик чөйрө, энергетика, транспорт, айыл чарба жана жашыл трансформация сыяктуу тармактарда реформаларды ишке ашыргандан кийин жасалганы белгиленди.

Билдирүүдө жылдын калган бөлүгүндө Украинага 33,7 миллиард евро каржылык колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн экени, анын ичинен 16,6 миллиард евро коргонуу өнөр жайынын кубаттуулугуна жана 17,1 миллиард евро бюджетти колдоого бөлүнөөрү айтылган.

Ошондой эле кошумча төлөмдөр Украинанын макулдашылган реформаларды жана саясаттын шарттарын аткарышына жараша болору билдирилди.

Украинага каржылык жардам программасы 2024-2027-жылдар аралыгында өлкөнүн каржылык туруктуулугун, калыбына келишин жана модернизациясын колдоо үчүн 50 миллиард евродон ашык гранттарды жана насыяларды берет.

Европа Биримдигинин 2026 жана 2027-жылдарды камтыган Украинага колдоо көрсөтүү кредити программасы, Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коргонуу өнөр жайын бекемдөө үчүн 60 миллиард евро, мамлекеттин иштеши жана негизги мамлекеттик кызматтарды улантуу үчүн 30 миллиард евро бюджеттик колдоо, жалпысынан 90 миллиард евро каржылоону камтыйт.

Иликте
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»
Европа Биримдигинин Түркиядагы делегациясынын башчысы элчи Айво Орав Трабзондо сөз сүйлөдү
Нигерияда кен аймагында болгон селде 9 адам каза болду
Otokar болжол менен 1,5 миллиард долларлык экспорттук келишимге кол койду
Акыркы 24 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан дагы сегиз адам каза болду
Дания Кансыз согуштан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат
Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду
Орусия: "Украинадагы логистикалык жана байланыш борборлору менен бир кемеге сокку урдук"
Трамп: Түштүк Корея АКШдагы энергетикалык долбоорлоруна 200 миллиард долларлык инвестиция салат
Улуттук Чалгындоо Уюму  Рейханлыдагы кол салуунун аткаруучусун кармады
Израилдин чабуулдарында каза болгон 105 палестиналык менен коштошуу аземи өттү