Түркиянын Жогорку аскердик кеңеши (YAŞ) Президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгында Бештепедеги президенттик сарайда жыйынга чогулат.
Жыйында айрым аскер кызматкерлеринин наамдары жогорулап, айрымдары жаңы кызматтарга дайындалмакчы. Ошондой эле генералдардын, адмиралдардын жана полковниктердин кызмат мөөнөттөрүнө тиешелүү иштер каралат.
Бештепедеги жыйын Жогорку аскердик кеңештин мүчөлөрүнүн Аныткабирди зыярат кылуусунан кийин башталат.
Президент Эрдоган жетектей турган бул жыйынга Юстиция министри Акын Гүрлек, Ички иштер министри Мустафа Чифтчи жана Кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Метин Токел биринчи жолу катышат.
Жогорку аскердик кеңештин жыйынында полковниктен генерал жана адмиралга көтөрүлө турган персоналдын, ошондой эле жогорку наамга көтөрүлө турган генералдардын, адмиралдардын документтери каралат. Бош кызмат орундарынын жоктугунан жана жаш курагынын чектөөлөрүнөн улам пенсияга чыга турган персонал аныкталат. Кызматтык жактан жогорулоо жана пенсияга чыгуу боюнча документтерден тышкары, күч командирлигинин ичиндеги дайындоолордогу ыктымалдуу өзгөрүүлөрдүн каралышы күтүлүүдө.
Жогорку аскердик кеңештин чечимдери президент Эрдогандын бекитүүсүнөн кийин коомчулук менен бөлүшүлөт.













