ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кремль Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу жолугушуусуна даярдык жүрүп жатканын билдирди
Москва расмий өкүлдөр ноябрь айынын аягында Кытайда өтө турган APEC саммити учурунда жолугушуу өткөрүүнү карап жатышканын маалымдады.
Кремль Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин үч тараптуу жолугушуусуна даярдык жүрүп жатканын билдирди
Дмитрий Песков

Кремль Россия, АКШ жана Кытай президенттеринин катышуусунда ушул айда үч тараптуу жолугушуу өткөрүү боюнча даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшемби күнү Financial Times гезитине берген маегинде мындай жолугушууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Вашингтон, Пекин жана Москвадагы кырдаал менен тааныш булактарга шилтеме жасап, маалыматта расмий өкүлдөр 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (APEC) саммитинин алкагында жолугушуу өткөрүүнү олуттуу талкуулап жаткандары белгиленди.

Маалыматта Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өлкө президенти Си Цзиньпин менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусун өткөрүү боюнча тиешелүү тараптар менен байланышып жатканы айтылган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп да катыша турган үч тараптуу жолугушуу тууралуу сөз болгон эмес.

Ошондой эле үч өлкө бул жолугушууну биргелешип талкуулап жатабы же Пекин Вашингтон жана Москва менен өз-өзүнчө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы, азырынча белгисиз экени белгиленди.

Мындан тышкары, бул тууралуу маалыматы бар булактар Кытайдын үч тараптуу жолугушууну өткөрүү же өткөрбөө боюнча азырынча акыркы чечим кабыл ала электигине көңүлдөрдү бурушту.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдөн кабардар булактардын бири Вашингтон менен Москва Кытайды мындай жолугушууга макул болууга көндүрүүгө аракет кылып жатканын билдирген. Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өткөн айда үч тараптуу саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу «бизде бере турган маалымат жок» деп билдирген.

Кремлдин кеңешчиси Юрий Ушаков өткөн айда Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин катышуусунда APEC саммитинин алкагында өтүшү мүмкүн болгон жолугушууну тараптардын эч бири четке какпаганын айткан.

Ушаков 21-октябрда Санкт-Петербург шаарында Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Виткоффтун жолугушуусунан кийин журналисттерге берген билдирүүсүндө дүйнө жүзүндө чоң кызыгуу жараткан бул үч тараптуу жолугушуу маселеси сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкууланганын белгилеген.

Ошол эле учурда Песков дүйшөмбү күнү өткөн басма сөз жыйынында журналисттерге билдиргендей, Путиндин APEC саммитине байланыштуу программанын азыр да даярдалып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал саммиттин алкагында үч тараптуу жолугушуу өткөрүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу азырынча так маалымат жок экенин кошумчалады.

Иликте
АКШ ноябрь айында Абу-Дабиде Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылат
Зеленский Орусиянын чабуулунан каза болгондордун саны 26га жеткенин айтты
Индия "Мурасу" бороону чыгыш жээгине коркунуч туудургандыктан миңдеген адамдарды эвакуациялап жатат
Португалияда мамлекеттик кызматкерлер иш ташташты
Ооганстан АКШнын мыйзамсыз ооган мигранттарын Пакистанга жөнөтүү планына тынчсызданууда
Израиль армиясы 10 күндүк курчоодон жана чабуулдардан кийин Эль-Халилден чыгып кетти
Канаданын премьер-министри Карни Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү
Президент Эрдоган Түштүк Кореяга барды
Израилдин Газага чабуулдарынан сегиз палестиналык каза болду
Президент Эрдоган Түштүк Кореяга барат
Түрк дүйнөсүнүн диалог форуму жыйынтыкталды
Президент Эрдоган: «Тынчтыкка жол ачуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасоого даярбыз»
Министр Фидан: «Биз эл аралык тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга салым кошууну улантабыз»
Тышкы иштер министри Фидан Мексиканын тышкы иштер министри Альварес менен жолугушту
Сирия Мекке келишимине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда