Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста жана Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен жума күнү биргелешкен билдирүүсүндө "негизги маселелер" бөлүмү боюнча сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү өкмөттөр аралык конференция менен расмий түрдө башталаарын жарыялашты.
Укуктун үстөмдүгү жана демократиялык институттар сыяктуу темаларды камтыган бул бөлүм мүчөлүк процессинин негизин түзөт.
Коста жана фон дер Ляйен бул чечим Украина менен Молдованын оор шарттарга карабастан реформа процесстеринде көрсөткөн чечкиндүүлүгүн, кайраттуулугун жана аракетин таанууну билдирерин билдиришти.
Эки лидер Европа Биримдиги сунуштаган тынчтыктын, туруктуулуктун жана мүмкүнчүлүктөрдүн келечеги теңдешсиз экенин жакташты.
Кеңейүүнү "стратегиялык тандоо" деп мүнөздөгөн Коста жана фон дер Ляйен Европа өлкөлөрүнүн бири бирине жакын болушу жалпы континентте тынчтык, коопсуздук жана өсүп - өнүгүүнү бекемдей турганын билдиришти.
Билдирүүдө : "Белгисиздик күчөп бараткан дүйнөдө дагы чоң Европа Биримдиги биздин жалпы кызыкчылыгыбызга туура келет. Кеңейүү Европа Биримдигинин эң чоң ийгиликтеринин бири жана биздин жалпы келечегибизге жасай турган эң жакшы инвестиция",- деп айтылды.
Молдова Европа Биримдигине мүчөлүккө 2022-жылдын март айында арыз берип, ошол эле жылдын июнь айында талапкер өлкө статусун алган.
Ал эми Украина Россия - Украина согушу башталгандан көп өтпөй мүчөлүккө арызын берип, 2022-жылы талапкер өлкө болуп, 2024-жылы расмий түрдө кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган.















