Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө орус армиясынын Украинага түн ичинде жасаган чабуулдарында, борбор шаар Киев жана Киев облусунда канаттуу ракеталардын бөлүктөрүн сактоо үчүн колдонулган "Фим Сервис" логистикалык борбору, Батыш өлкөлөрүнөн келген аскердик жүктөрдү бөлүштүрүүчү бажы терминалы жайгашкан логистикалык борбор жана "Fire Point" компаниясына таандык ок-дары кампасы талкаланганы белгиленди.
Измаил портундагы күйүүчү май цистерналары үчүн түшүрүүчү жайлар, Николаев портундагы кайра жүктөө терминалы, логистикалык борборлор, аскердик жана күйүүчү май кампалары да бутага алынганы белгиленген билдирүүдө чабуулдун абадан жогорку тактыктагы курал-жарактарды жана дрондорду колдонуу менен жасалганы айтылды.



















