Ozon компаниясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, компаниянын Оренбург жана Уфа шаарларындагы логистикалык жайларына түн ичинде учкучсуз учуучу аппараттар кол салганы айтылды.
Билдирүүдө ишканалардагы бардык кызматкерлер эвакуацияланганы жана алгачкы маалыматтарга караганда эч ким жабыркабаганы белгиленди.
Кол салуулардан кийин ишканаларда өрт чыкпаганы жана Оренбургдагы логистикалык борбор ишин кайрадан баштаганы кошумчаланды.
Билдирүүдө Уфадагы логистикалык борборго анча чоң эмес зыян келтирилгени жана ишкананын деталдуу текшерилиши үчүн убактылуу жабылганы маалымдалды.
Украина Орусияда жайгашкан Wildberries жана Ozon электрондук коммерция платформаларына таандык кампаларды жана логистикалык жайларды дрон чабуулдары менен бутага алып жатат.



















