Зеленский социалдык медиа аккаунтунда Орусиядагы буталарга абадан сокку уруу уланып жатканын билдирди.
Ал Орусиянын Ярославль облусундагы мунай объектисине кол салуу болгонун айтып, бул объект Украинанын чек арасынан болжол менен 700 чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи.
Зеленский ошондой эле Орусиянын Тула облусундагы «Азот» химиялык заводуна кол салууга токтолуп, бул завод жарылуучу заттарды өндүрүү үчүн маанилүү деп билдирди. Украинанын президенти Зеленский: «Кечээ кечтен бери Орусиянын 6 аэропортунда аба каттамдарына чектөөлөр киргизилди жана Орусиянын 28 аймагында абадан эскертүү жарыяланды», - деп билдирди.
Зеленский Украинада Орусия басып алган аймактардагы орусиялык аскердик инфраструктурага да чабуул коюлганрдыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп, мындай деди:
«Биз орусиялык жетекчиликке сүйлөшүүлөр үчүн бардык мүмкүн болгон форматтарды сунуштадык жана алардан бир гана жооп чабуулдарды улантуу жана кеңейтүү болду. Согуштун пайда болгон жерине кайра кайтып келиши логикалуу болот. Украинага тынчтык керек».
Зеленский ошондой эле орусиялык армия Украинага абадан сокку уруусун улантып жатканын билдирди.
Акыркы бир жумада Орусия анын өлкөсүнө 1920 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (КУУА), 1790 башкарылуучу бомба жана 17 ракета колдонуп кол салганын белгилеген Зеленский: «Биз бул орус терроруна каршы коргонуубузду күчөтүү үчүн союздаштарыбыз менен сүйлөшүүлөргө даярданып жатабыз», - деди.
Зеленский ошондой эле өз бөлүшүүсүнө Орусияга карай чабуулдардын видеосун кошту.




















