ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Фидан: Түркия менен Болгариянын бекем мамилелери жалпы келечекти калыптандырууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Болгариянын борбору Софияда өткөн жолугушуулар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты көптөгөн стратегиялык багыттар боюнча дагы да өнүктүрүүгө болорун көрсөткөнүн айтты.
Фидан: Түркия менен Болгариянын бекем мамилелери жалпы келечекти калыптандырууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Болгариянын тышкы иштер министри Велислава Петрова-Чамова Болгариянын София шаарында маалымат жыйынын өткөрүүдө / AA

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Болгарияга болгон сапары эки коңшу өлкөнүн ортосундагы байланыштардын бекемдигин жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон жалпы милдеттенмелерин тастыктаганын билдирди.

Бейшемби күнү Болгариянын борбору Софияга болгон сапарынан кийин социалдык медиа баракчасы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө министр Фидан: "Cапарыбыз элдерибиздин ортосундагы бекем байланыштар азыркы учурду гана эмес, жалпы келечегибизди да калыптандырарын дагы бир жолу көрсөттү", - деди.

Түркиянын коңшусу жана өнөктөшү Болгария менен тарыхый, гуманитардык жана маданий байланыштары терең экенин белгилеген Фидан бул сапар эки тараптуу өнөктөштүктү жана аймактык кызматташтыкты андан ары бекемдей турганына чын жүрөктөн ишенерин билдирди. Министр Фидан кесиптеши Велислава Петрова-Чамова жана башка расмий жетекчилерге меймандостугу жана сапардын ийгиликтүү аякташына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Стратегиялык багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу билдирүү

Тышкы иштер министри Фидандын Болгариянын президенти Ильяна Иотова, премьер-министр Румен Радев жана тышкы иштер министри Петрова-Чамова менен болгон жолугушуулары эки өлкөнүн энергетика, транспорт, инфраструктуралык байланыш жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу стратегиялык багыттардагы кызматташуусун мындан ары тереңдете аларын дагы бир жолу көрсөткөнүн айтты. Фидан: "Биз бул багытта биргелешип иштөөнү улантабыз", - деди.

Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) жетекчиси болуп иштеген кезинен бери жакындан билген Болгариядагы түрк коомчулугунун мүчөлөрү менен кайрадан жолугушуудан кубанычта экенин билдирген Фидан мындан тышкары Болгарияда иш алып барган түрк ишкерлери менен да жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүн жана кошкон салымдарына баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын айтты.

"Мусулмандар үчүн билим жана акылмандык борбору"

2025-2026-окуу жылындагы София Жогорку Ислам Институтунун бүтүрүү аземине катышуу өзү үчүн чоң сыймык экенин баса белгилеген Фидан: "Келечекке карай өз ишенимин, инсандыгын жана маданий мурастарын сактаган бул жаштар менен жолугушуу бизге үмүт берди", - деди.

Тышкы иштер министри Фидан Түркиянын Болгария менен болгон мамилелерин өз ара урматтоонун, жалпы кызыкчылыктардын жана жакшы коңшулук мамилелердин негизинде мандан ары да өнүктүрүүгө чечкиндүү экендерин сөздөрүнө кошту.

Иликте
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
Фидан: АКШ менен Иранга сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштайбыз
Улуттук коргоо министрлиги: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын түптөлгөнүнө байланыштуу билдирүү жарыялады
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды
Окумуштуулар Австралиянын жээгинен дүйнөдөгү эң чоң киттер көмүлгөн жерди табышты