ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Украин армиясынын Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго ракеталык чабуул жасаганы кабарланды.
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусиянын Воронеж шаарына чабуулдан кийин өндүрүш ишканасынан түтүн көтөрүлүүдө.

Армиянын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Воронеждеги заводго жогорку тактыктагы круиздик ракеталар менен кол салуу болгону маалымдалды.

Завод абадан коргонуу системалары үчүн ар кандай компоненттерди, негизинен баллистикалык жана круиздик ракеталарды чыгарары айтылган билдирүүдө, "Бул ишкана Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинин маанилүү элементи болуп саналат" деп сереп салынды.

Билдирүүдө ошондой эле орус армиясы Украинага каршы аба соккуларында ушул заводдо чыгарылган жана курамында электрондук компоненттери бар ракеталарды колдонору айтылды.

Орусия: Украинанын ракеталык чабуулунун натыйжасында Воронежде 3 адам жаракат алды

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык медиа аккаунтунда Украинага таандык "бир нече жогорку ылдамдыктагы аба бутасы" жок кылынганын билдирип, "3 адам жаракат алды. Алардын биринин абалы оор" деп кошумчалады.

Гусев чабуулдун натыйжасында Воронеждеги өндүрүш жайы жана бир нече көп кабаттуу үйлөр жабыркаганын билдирген.

Айрым социалдык медиа каналдары чабуул британиялык өндүрүштөгү "Storm Shadow" круиздик ракеталары менен жасалганын айтышкан.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды