Түркиянын Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Халук Гөргүн өлкөнүн коргонуу жана авиация тармагы экспорттук өсүш динамикасын туруктуу сактап жатканын билдирди.
Июль айындагы көрсөткүчтөр сектордун инженердик потенциалын далилдегенин белгилеген Гөргүн, жылдын алгачкы 7 айындагы жыйынтыктардын да кубантуучу экендигин баса белгиледи.
2026-жылдын июль айында коргонуу жана авиация экспорту өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 14,4 пайызга өсүп, 1,12 миллиард долларды түзгөнүн белгилеген Гөргүн буларды айтты : «Коргонуу жана авиация өнөр жайыбыз июль айында да экспорттогу туруктуу өсүшүн улантты. Сектордун экспорту июль айында 1,12 миллиард долларга жетти. Ал эми январь–июль айлары аралыгындагы экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга өсүп, 5 миллиард 787 миллион долларды түздү. Акыркы 12 айлык жалпы экспорттун көлөмү болсо 11,2 миллиард долларлык деңгээлге көтөрүлдү».
"Инженердик күчүбүздүн глобалдык чагылышы"
Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын башчысы өндүрүштүк кубаттуулук жана глобалдык атаандаштык жогорулап жатканын кошумчалап: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында инженердик тажрыйбабызды, өндүрүштүк кубаттуулугубузду жана дүйнөлүк атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүбүздү мындан ары өнүктүрүү менен экспорттогу өсүштү сактап жатабыз. Өсүп жаткан көрсөткүчтөрдүн артында бүтүндөй коргонуу өнөр жай экосистемабыздын биргелешкен эмгеги турат. Бул сандар — Түркиянын инженердик кубатынын дүйнөлүк деңгээлдеги чагылышы. Бул ийгиликке салымын кошкон бардык компанияларыбызга, инженерлерибизге, техниктерибизге жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем».















