ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 573 жылдыгы менен куттуктады
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 1453-жылдагы жеңиш шаарга тынчтык, коопсуздук жана жаңыланууну алып келгенин айтып мунун тарыхта бурулуш жери болгонун белгиледи.
Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 573 жылдыгы менен куттуктады
Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 573 жылдыгы менен куттуктады.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 573 жылдыгын белгилеп, бул окуяны жөн гана тарыхый аскердик жеңиш катары эмес, шаарга тынчтык, коопсуздук жана жаңылануу алып келген бурулуш жер катары мүнөздөдү.

Жума күнү Халич Конгресс борборунун короосунда АК партиясынын Стамбул облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Стамбулдун каратылышынан жүрөктөрдүн каратылышына чейин" деген программада сөз сүйлөгөн президент Эрдоган Султан Мехмеддин жол башчылыгында 1453-жылдагы Стамбулдун каратылышына катышкандарды эскерди.

Эрдоган: "Бул маанилүү күндө 573 жыл мурун Стамбулдун каратылышына катышкан, бул шаардын дубалдарында шейит болгондордун баарын ыраазычылык менен эскерем. 21 жашында Стамбулду каратып алган ал даңазалуу командирди терең урматтоо менен эскерем", - деди.

Президент Стамбулдун каратылышы «жөн гана чоң жеңиш» же жөн гана «бир доорду жаап, жаңы доорду ачкан окуя» эмес, дүйнөнүн көз мончогу болгон бул шаарда караңгылыктын жарыкка айлануусу экенин белгиледи.

Стамбул: Түркиянын көзүнүн кареги

Маркум тарыхчы Халил Иналжыктын айткандарына шилтеме берген Эрдоган Султан Мехмед Фатихттин бул жеңишке жетишүү үчүн зор күч-аракет жумшаганын жана андан кийин Константинополду фонддор жана коомдук мекемелер аркылуу көркөмдүү түрк-ислам шаарына айландырганын билдирди.

Эрдоган сөзүндө Мухаммед пайгамбардын хадисине да шилтеме жасап : «Стамбул убакты-сааты келгенде сөзсүз каратылат. Аны каратып алган командир мыкты командир, аскерлери да мыкты аскерлер!» — деди.

Бул жеңишти 1071-жылдагы Малазгирт согушу менен башталган ийгиликтер чынжырынын эң жаркыраган алкагы катары мүнөздөгөн Эрдоган, бул окуя түрк эли өз идеалдарынын артынан түшүп чоң ийгиликтерге жетише аларын көрсөткөнүн белгиледи.

Эрдоган Стамбулдун 1453-жылдан бери элдин көз алдында экенин баса белгилеп, басып алуунун мурасын дагы эле четке каккандарды сынга алды. Стамбулдун статусун өзгөртүү чакырыктарын же шаардын тарыхый күбөлүгүнө карата сындарды — бул жеңишти жана анын алып келген мурасын сиңире албаган ич күйдүүлүктүн чагылышы катары мүнөздөдү.

Иликте
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты
Түркия Ахалкалаки-Карс темир жолунун Арменияга ачылышын кубаттайт
Түркия космостук технологиялар жаатында түрк мамлекеттери менен өнөктөштүккө карай кадам таштады