Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкара өз ичинде да, ислам дүйнөсүндө да өнөктөштүктү чыңдоого жана пикир келишпестиктерди азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкара өз ичинде да, ислам дүйнөсүндө да өнөктөштүктү чыңдоого жана пикир келишпестиктерди азайтууга аракет кылып жатканын билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы «Халич» конгресс борборунда өткөрүлгөн Пайгамбар Мухаммеддин туулган күнүнө карата белгиленген Мевлид-и Неби жумалыгы программасында сүйлөгөн сөзүндө: «Бардык аракеттерибиз географиябызда тынчтык жана коопсуздук атмосферасын түзүүгө багытталган. Буюрса, күчүбүз жеткенче биримдикке, бир туугандыкты орнотууга жана ислам дүйнөсүнүн биримдик жана бүтүндүктө иш-аракет кылышын камсыз кылууга бүт аракетибизди жумшайбыз. Биз бул аң-сезим менен саясатты жакынкы жана алыскы географиялык аймактарда гана эмес, өз өлкөбүздө да жүргүзүп, 86 миллион адамдын бир туугандыгын жана жалпы тагдырын мындан ары бекемдөөнүн жолдорун издеп жатабыз», - деди.
Мусулмандардын ортосундагы биримдиктин маанисин баса белгилеп, алардын укуктарын коргоого чакырган президент аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу үчүн биргелешип иштөө керектигин айтты.
Эрдоган: "Биз жакшылык менен жамандык күрөшүп жаткан тарыхый мезгилде жашап жатабыз жана буюрса, акыры жакшылык жеңет", - деди.
Президент Эрдоган : "Сионизм деп аталган радикалдуу, басып алуучу, геноциддик идеология коңшуларынын тынчтыгына коркунуч келтирип гана тим болбостон, аймактык тынчтыкты жана гуманитардык баалуулуктарды коргогон ар бир адамды бутага алууда. Дүйнө бул геноциддик тармактын мыйзамсыз, принципиби жок жана чек арасыз саясатына зарыл реакцияны көрсөтпөй жатат",- деп кошумчалады.
Эрдоган : "Израилдин азыркы согушуп жаткан өкмөтү коңшуларынан баштап, бүткүл аймагыбызды туруксуздаштыруу үчүн ар кандай провокацияларды жасап жатат", - деди.





















