Тышкы иштер министрлиги, Мекке шаарын бутага алган хуситтердин дрон чабуулун айыптады.
Министрлик хуситтердин Меккени дрондор менен бутага алуу аракетине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө: "Биз ыйык Мекке шаарына багытталган хуситтердин дрон чабуулун катуу айыптайбыз", - деп айтылды.
Түркиянын Сауд Арабиясынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун колдой тургандыгы тастыкталган билдирүүдө, Сауд Арабиясы менен тилектештиги дагы бир жолу баса белгиленди.
Билдирүүдө: "Биз аймактык туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч келтирген бул чабуулдарды тез арада токтотууга жана чыңалууну дагы да күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерден качууга чакырыгыбызды кайталайбыз", - деп сереп салынды.
Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясынын басма сөз катчысы бригадалык генерал Турки аль-Малики кечээ (жергиликтүү убакыт боюнча) саат 18:50 чамасында Сауд Арабиясынын Королдук абадан коргонуу күчтөрү Меккенин түштүгүндө хуситтер тарабынан учурулган дронду тыюу салынган аба мейкиндигине кире электе аныктап, жок кылганын жарыялаган.
Хуситтердин төгүндөөсү
Хуситтердин аскердик өкүлү Яхья Сери болсо алардын Меккени бутага алгандары тууралуу дооматтарды четке каккан.
Сери Сауд Арабиясына чабуулдары ыйык жерлерди толугу менен айланып өтүү стратегиясын сактап, мунай объектилерине жана аскердик базаларга гана багытталганын билдирген.






















