Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели социалдык медиа баракчасында Греция тарабынан жарыяланган "Өнөр жай жана камсыздоо чынжыры үчүн атайын мейкиндик алкагы" тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.
Кечели: "Бүгүн (28-августта) Греция тарабынан жарыяланган, Эгей деңизин камтыган Өнөр жай жана камсыздоо чынжыры үчүн атайын мейкиндик алкагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланышкан Эгей маселелеринин, анын ичинде эл аралык келишимдер менен Грецияга менчик укугу өткөрүлүп берилбеген географиялык түзүлүштөрдүн контекстинде биздин өлкө үчүн эч кандай юридикалык кесепеттерге алып келбейт", - деп билдирди.
Түркия 2023-жылдын 7-декабрындагы "Достук карым - катнаштар жана жакшы коңшулук жөнүндө Афина декларациясына" шайкеш келген мамиле кабыл алынышы керек деген позициясын сактай турганы белгилеген Кечели Эгей деңизинин эки жээгиндеги мамлекеттердин бири катары Греция менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин кайталады.





















