Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран 5-июнь — Дүйнөлүк экология күнүнө карата "NSosyal" баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран 5-июнь, Дүйнөлүк экологияны коргоо күнүнө карата социалдык медиа баракчасына жазган билдирүүсүндө: "Экологияны коргоо - бул биздин жаратылышка гана эмес, келечегибизге болгон жоопкерчилигибиз. Бүгүн таштаган ар бир кадамыбыз эртеңки балдарыбызга калтыра турган дүйнөбүздүн кандайча калыптанарын аныктайт", - деди.
Дуран сөзүн төмөнкүчө улантты : "Эмине Эрдоган айымдын колдоосу астында жүргүзүлгөн "Нөл калдык кыймылы" өлкөбүздө экологияны коргоо жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча күчтүү маалымдуулукту жаратты жана тез арада эл аралык деңгээлде таанылган үлгүлүү экологиялык мобилизацияга айланды. Келечек муундарга калтыра турган эң баалуу мурасыбыз - бул коргоого алынган экология жана туруктуу дүйнө экенине ишенебиз. Таза, жашыл жана жашоого ыңгайлуу дүйнө үчүн жаратылыш менен шайкештик ичинде жашоо образын жайылтууну улантабыз. Дүйнөлүк экология күнү жана Түркиянын экология жумалыгы кут болсун!"



















