Израилдин агрессивдүү саясатын айыптаган билдирүүдө төмөнкүлөр камтылды: "Биз Израилдин Ливандагы оккупациясын кеңейтүүсүн катуу айыптайбыз. Нетаньяху өкмөтү Газадагыдай эле, Ливанда да оккупацияланган аймактарды жашоого жараксыз кылып, ливандыктарды туруктуу көчүүгө мажбурлоону көздөп жатканы айдан ачык".
Билдирүүдө Израилдин аймактагы аракеттери гуманитардык кризисти тереңдетип жатканы баса белгиленип, мындай деп кошумчаланды:
"Израилдин Ливандагы оккупациясын кеңейтүүсүн катуу айыптайбыз. Нетаньяху өкмөтү Газадагыдай эле, Ливанда да оккупацияланган аймактарды жашоого жараксыз кылып, ливандыктарды туруктуу көчүүгө мажбурлоону көздөп жатканы айдан ачык. Израиль өзүнүн экспансионисттик жана агрессивдүү саясаты менен аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу аракеттерин бутага алып, гуманитардык кырдаалды ого бетер курчутууда. Эл аралык коомчулук, айрыкча БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Израилдин Ливанга кол салууларын жана оккупациясын токтотуу үчүн кечиктирбестен конкреттүү кадамдарды жасашы керек”.



















