Жапонияда аптанын башынан бери таасирдүү болуп жаткан “Дужуан” тайфунунан каза тапкандардын саны 9га жетти.
Жапониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) “Дужуан” тайфуну өлкөнүн чыгышына, анын ичинде борбор калаа Токиого жана тегерегиндеги префектураларга таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Билдирүүдө нөшөрлөгөн жамгыр жума бою уланышы мүмкүн экени эскертилди.
СУНУШТАЛАТ
Киодо маалымат агенттигинин кабарына караганда, каза болгондордун саны 9га жетти.
Каза тапкандардын алтоо Чиба префектурасынан, үчөө Канагава префектурасынан болгон.
Дайынсыз жоголгон төрт адамды издөө иштери уланууда.





















