АКШнын аскерлери Тынч океандын чыгышында баңгизат аткезчилигин колдоо максатында калкып жүрүүчү май куюучу жай катары иштеп жатат деп ырастаган кемени чөктүрдү.
АКШнын Түштүк командачылыгы (SOUTHCOM) бул маселе боюнча X социалдык медиа аккаунту аркылуу билдирүү таратты.
Билдирүүдө Тынч океандын чыгышында "баңгизат аткезчилигин колдоо максатында калкып жүрүүчү май куюучу жай катары иштеп жаткандыгы" себептүү бир кеменин кармалганы айтылды.
Америкалык аскерлер кемеге чыгып тинтүү жүргүзгөнү жана кемедегилерди Эквадорго эвакуациялаганы, андан кийин кеменин чөктүрүлгөнү кошумчаланды.
Билдирүүдө ошондой эле чалгындоо маалыматтары кеменин Эквадордун эң кеңири таралган кылмыштуу уюмдарынын бири болгон Лос Чонеросту "колдоп" жатканын көрсөтүп турганы айтылды.
АКШ армиясы тарабынан Кариб деңизинде жана Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген айрым кемелердин жана алардын жүргүнчүлөрүнүн бутага алынышы "сотсуз өлтүрүүлөр" боюнча эл аралык талкууну жаратууда.






















